Акча, азгыруу жана мажбурлоо. Орусия борбор азиялыктарды согушка кантип тартат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Евробиримдиктин 20-октябрда уюштурган брифингинде Украинанын "Хочу жить" долбоору 2026-жылдын октябрына карата Орусиянын тарабында согушуп жаткан чет элдиктердин жалпы саны 45 959 болсо, алардын 50 пайызга жакыны борбор азиялыктар экенин маалымдады.
"Мектеп, бала бакча кайтарасыңар дешкен"
Би-Би-Си Кыргыз кызматына Украинадагы согушка тартылып кеткен кыргызстандык жарандын жакындары кайрылды. Алар бир тууганынын видео кайрылуусун жөнөтүп, аны согушка азгырып алып кетишкенин айтып, Кыргызстан бийлигинен жардам сурашууда.
Видео кайрылуусунда жаран Орусияда жакшы маяналуу жумуш тууралуу жарыяны көрүп, жумушка орношуу максатында барганын айтат. Анын сөзүнө караганда, жумуш боюнча сүйлөшүүлөрдө согуш тууралуу кеп болгон эмес.
"Мектеп, бала бакча карайсыңар, офисте болосуңар деген үчүн барганбыз. Бул жакка келгенде телефон менен сүйлөшөсүңөр, кеңири жүрөсүңөр деген. Мен айткам, күнүгө эки жолу чалып, бала-бакырамдан кабар алып турушум керек деп. Ой, баары сонун болот дешкен",- деди ал.
Айтымында, ал Орусияга баргандан кийин аскердик комиссариатка алып барышкан. Бир жылдык келишимге кол койдуруп, анда да согушка тартыла турганын ачык айтышкан эмес.
"Кабинетте отурасыңар. Колуңарда компьютер, телефон болот. Москвага кирип келе жаткан дрондор болсо аткылап турасыңар. Силер согуш болуп жаткан жерге жакын жолобойсуңар. Андай кыла албасаңар бери жакта тосмодо болосуңар. Тамак жасагандар болсо алар да керек. Ашканада иштесең да болот дешкен. Мен дагы согушка барбайт экенбиз. Легалдуу эле иш экен деп макул болуп жатпайынбы. Өз ыктыярыңар менен келдим деп жаздыртып алышты. Кол коюп жатып, жайнаган кагаздан келишимди деле окубаптырмын",- дейт жаран.
Анын сөзүнө караганда, согушка жөнөтүлөрүн алдын ала билгенде, бул жумушка макул болмок эмес.
"Минтип согушка келе турганыбызды билгенде, кол коймок дагы эмесмин. Ошол жерден чыгып кетмекмин. Дароо бул жакка келеримди кайдан билиптирмин. Бул жакка келгенде эле өкүнүп, жаңылганымды билдим. Айла жок, эми эмне кылабыз. Өзүмдү өзүм коргошум керек. Аракет кылып жатам. Өлбөшүм керек. Балдарыма барышым керек",- дейт ал видео кайрылуусунда.

"Беш баланы атасыз калтырбаңыздар"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коопсуздугунан улам атын атабаган жаран турмуштун оор кырдаалынан улам, жакшы жашоо издеп, каражат табуу максатында Орусияга төрт ай мурун гана барган. Анын жубайы Гүлназ Кулбаева президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолдошунун мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүшүн суранды.
"Садыр Нуркожоевич, беш баланы атасыз калтырбаңыздар! Суранам, жолдошумду кайтарып бергенге жардам бериңиздер! Беш баланы атасыз калтырбаңыздар! Наны жок, чайы жок калсак да, ушу жерде эле болсо болмок. Ачка калалы, кийимсиз калалы, мейли, жаныбызда болсун. Кайдан жүрүп ал алдамчыларга кабылды экен? Үйүбүз жок, ушул фундаментти эптеп көтөрөлү деп жатканбыз. Орусияда иштеп келип, көтөрөм деп максаттарын коюп алып кеткен. Бул жерден болсо ичкен-жегенибизден ашпайт экен. Ар кайсы жумушта иштейт, ар кимдин талаасын сугарып берет. Кышкысын болсо, ар кимдин малын карап, жан багып жүрчүбүз. Анан чет жакка чыгып, чоңураак бир нерсе кылып, кичине алдыга жылалы деген максатта кеткен. Жакшы эле ой тилектерибиз бар болчу. Ошонун баары калды. Эми атабызды алып келе албай отурабыз. Атасы жок, беш бала менен бул жакта мен чыркырап ыйлап отурам",- деди жубайы Гүлназ Кулбаева.
Кыргыз өкмөтү эмне дейт?
Бул окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратты. Анда У.Ө. аттуу кишинин туугандарынан 19-октябрда арыз келип түшкөнү айтылат. Буга байланыштуу министрлик тарабынан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине тиешелүү тапшырмалар берилип, бул маселени көзөмөлгө алуу жана зарыл көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.
Учурда элчилик тарабынан Орусиянын компетенттүү органдары менен белгиленген жол-жоболордун алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы, маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени маалымдалды.
Буга чейин Тышкы Иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирген.
"Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз", - деген министр Жээнбек Кулубаев.
Сентябрдын башында кыргыз бийлиги өз жаранын Орусиянын түрмөсүнөн Украинага согушка айдалып бараткан жеринен мекенине кайтарып алганы маалым. Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева кыргыз жараны эки өлкөнүн мыйзам чегинде өз ара иш алып баруусунун натыйжасында Кыргызстанга алынып келинди деп билдирген.
Борбор Азиядан 20 миңден ашык адам орус армиясынын катарына кошулган
Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу 2022-жылдын февраль айында башталган. Андан бери Орусия чет элдик жарандарды согушка жөнөткөнү тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келет.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Евробиримдиктин 20-октябрда уюштурган брифингинде Украинанын "Хочу жить" долбоору 2026-жылдын октябрына карата Орусиянын тарабында согушуп жаткан чет элдиктердин жалпы саны 45 959 болсо, алардын 50 пайызга жакыны борбор азиялыктар экенин маалымдады. Анын ичинде 2022-жылдан бери 2219 кыргызстандык жалданып согушка барганы айтылды. Булар орус жарандыгын албаган мигранттар, ал эми Орусиянын паспорту бар кыргызстандыктар эсепке кирген эмес.
Ошондой эле Украинада туткунга түшкөн ондон ашык кыргызстандыктар да бар.
"Хочу жить" долбоорунун маалыматына ылайык, Орусиядагы чет элдиктер негизги үч максат менен согушка тартылышат.
Биринчиси, чоң өлчөмдөгү акча. Орус өкмөтү ай сайын 2000$ - 3000$ жана орус паспортун убада кылышат.
Экинчиси, алдоо, азгыруу. Согушка катышуу тууралуу сөз кылынбаган, жакшы айлык маяны төлөнүүчү жумуш катары жарнамалар таратылат. Анда айдоочу, ашпозчу, кароолчу сыяктуу ваканттык орундар тууралуу кеп болот.
Үчүнчүсү, мажбурлоо. Буга абактагылар же документи менен маселеси болгон мигранттар кабылат.
Орус бийлигинин позициясы
2026-жылдын февралында Кения парламентинде чалгын кызматы Орусия согушка 1000ден ашуун кениялыкты согушка тарткандыгы тууралуу баяндама жасаган. Март айынын башында өлкөдө нааразычылык акциясы өтүп, тургундар бийликтен дайынсыз жоголгон жакындарынын тагдырын тактоону талап кылышкан.

Сүрөттүн булагы, ТАСС
Көп өтпөй, Москвада өткөн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кения Орусия эми кениялыктарды согушка тартууну токтотууга макулдугун бергенин билдирген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул теманын айланасындагы "коомдук резонансты" моюнга алганы менен, бардык чет өлкөлүктөр "атайын аскердик операцияга Орусия мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу менен катышып жатканын" айткан.
"Атайын аскердик операцияга катышуу үчүн келишим түзүп барган кениялыктар да, башка өлкөлөрдүн жарандары сыяктуу эле, бул кадамга өз ыктыяры менен барышкан", - деген Сергей Лавров.





























