"Ким Чен Ындын жаңы сүрөтү чыкты. Анын өлүмү тууралуу кеп эмнеге маал-маалы менен тарап турат?

Ким Чен Ын
    • Author, Лора Бикер
    • Role, Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Түндүк Кореянын мамлекеттик ЖМКлары Ким Чен Ындын кызы менен бирге кийим-кече жана бут кийим көргөзмөсүнө барган сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдө 42 жаштагы Түндүк Кореянын лидери дени сак көрүнөт. Бул сүрөт анын мээсине кан куюлуп каза болгону тууралуу тараган кептерди жокко чыгарууга багытталгандай.

Кореянын Эмгек партиясынын борбордук басылмасы болгон "Нодон синмун" гезитинде сүрөттөр жарыялангандан бир нече саат мурун АКШда жашаган кытайлык оппозициялык активист Ким Чен Ын комага түшүп, Пекинге ооруканага жеткирилгенин жана ошол жактан каза болгонун билдирген. Бирок ал бул сөздөрүн тастыктаган эч кандай далил келтирген эмес.

Түндүк Кореядагы окуяларга көз салып тургандар үчүн мындай ушактар көнүмүш адатка айланган. Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири болгон бул өлкөдө маалыматтарды текшерүү өтө кыйын. Мындай жагдай ар кандай божомолдордун жана ушактардын тарашына шарт түзөт.

Ким Чен Ындын каза болгону тууралуу маалыматты Кытайда тыюу салынган Кытай демократиялык партиясынын төрагасы деп өзүн тааныштырган Се Ваньцзюнь тараткан. Ал буга чейин да, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өлүмү тууралуу, тастыкталбаган маалыматтарды жайылткан.

Се Ваньцзюндун айтымында, Ким Чен Ындын мээсине кан куюлуп, Түндүк Кореяда аны дарылоого жетиштүү медициналык шарттар болбогондуктан, Пекинге жеткирилген. Ал ошол жактан каза болуп, сөөгү кайра Түндүк Кореяга алып келинген. Се өлкө жетекчилиги бул маалыматты жашырууга аракет кылып жатканын да билдирген.

Түндүк Кореянын мамлекеттик ЖМКлары жарыялаган сүрөттөр бул маалыматты төгүндөгөндөй болду. Сүрөттөрдө Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э жана аны дайыма коштоп жүргөн аткаминерлер менен бирге көргөзмөнү кыдырып жүргөнүн көрүүгө болот.

Сүрөттөрдүн так качан тартылганын аныктоо мүмкүн эмес. Ошентсе да Се Ваньцзюндун билдирүүсүнө ишенбөөгө негиздер бар.

Эгер Ким Чен Ындын ден соолугу чындап эле кескин начарлап кеткен болсо, муну кыйыр түрдө көрсөткөн белгилер байкалмак. Мисалы, Кытай туруксуздукка же качкындардын агымына даярдануу максатында чек арадагы коопсуздук чараларын күчөтүшү мүмкүн эле. Түндүк Кореянын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги да жанданышы ыктымал болчу. Түштүк Кореяда жашаган түндүк кореялык качкындар Кытай менен чек арадагы бейрасмий байланыштар аркылуу маалымат алып турушат. Бирок азырынча мындай белгилер байкалган жок.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы да "Рёнхап" маалымат агенттигине Ким Чен Ындын өлүмү тууралуу кептерди тастыктаган маалымат жок экенин билдирген. Мындай сөздөр буга чейин да тарап, кийин жалган болуп чыккан.

Ким
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мисалы, 2020-жылы Түндүк Кореядан качып кеткен белгилүү адамдардын бири Ким Чен Ын жүрөгүнө операция жасаткандан кийин каза болгонун "99 пайыз ишеним менен" айткан. Бирок көп өтпөй Түндүк Кореянын лидери коомчулук алдына чыгып, бул билдирүүнү төгүндөгөн.

Эмне үчүн анын өлүмү тууралуу кептер кайра-кайра тарайт? Мунун биринчи себеби - бийликтин мураскерлиги маселеси.

Түндүк Кореяны Кимдердин үй-бүлөсү үч муундан бери башкарып келет. Бирок Ким Чен Ын бийликтен кеткенден кийинки өлкөнүн келечеги анын мурунку эки мураскерине салыштырмалуу кыйла бүдөмүк.

Ким Ир Сен уулу Ким Чен Ирди өлкөнү башкарууга ондогон жылдар бою даярдаган. 1994-жылы Ким Ир Сен каза болгондо, бийликти өткөрүп берүү планы так аныкталган болчу. Ошондуктан Ким Чен Ирдин бийликке келиши салыштырмалуу тынч өткөн.

Ал эми Ким Чен Ындын бийликке келиши тезирээк жана туруксуз жагдайда болгон. 2008-жылы Ким Чен Ир инсультка кабылган соң, анын кичүү уулу Ким Чен Ын мамлекеттик кызматтарда тез көтөрүлө баштаган. Атасы 2011-жылы каза болгондо ал өлкөнүн болочок лидери катары коомчулукка расмий тааныштырылып калган эле.

Ошого карабастан, Ким Чен Ын бийлигин бекемдөө үчүн бир нече жыл сарптаган. Ал атаандаштарын четтетип, өзүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон адамдарды бийликтен алыстаткан.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өзүнүн мураскери катары даярдап жатышы мүмкүн деп эсептейт. Акыркы убакта кызы маанилүү мамлекеттик иш-чараларга жана аскердик параддарга көбүрөөк катышып келет.

Бирок ал азырынча расмий түрдө мураскер деп жарыялана элек. Маалыматтарга караганда, Ким Чжу Э болгону 13 жашта.

Түндүк Кореяны буга чейин бир да аял башкарган эмес. Мындан тышкары, жаш курагына байланыштуу Ким Чжу Э бийлик үчүн күрөш башталса, өтө алсыз абалда калышы мүмкүн.

Мына ушул жагдайлар Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу маалыматтарга эмне үчүн өзгөчө көңүл бурулуп жатканын түшүндүрөт. Экинчи себеп – айрым айтылган сөздөрдүн жүйөөлүүлүгүндө.

Ким Чен Ындын ашыкча салмагы бар жана ал көп тамеки тартат. Бул факторлор жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары, Кимдердин үй-бүлөсү жүрөк оорулары жана инсульт менен жабыркап келгени айтылат.

Үчүнчүдөн, эгер Ким Чен Ынга бир нерсе болсо, анын кесепеттери коңшу өлкөлөргө жана жалпы эл аралык коомчулукка олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Бийликтеги күтүүсүз кризис Түндүк Кореянын өзөктүк куралдары кимдин көзөмөлүнө өтөт деген суроону жаратат. Бийлик үчүн күрөш катуу саясатты жактагандарды агрессивдүү аракеттерге түртүшү мүмкүнбү? Өлкөдөгү башаламандык Кытай менен чек арада качкындар кризисин жаратышы ыктымалбы? Бул суроолор Пекин менен Сеулду гана эмес, Түштүк Кореяда болжол менен 28 миң аскерин жайгаштырган Вашингтонду да тынчсыздандырат.

Ошондуктан чалгын кызматтары Ким Чен Ындын абалына кылдат көз салып, күтүүсүз кабарларга даяр болууга аракет кылышат.

Түндүк Корея маалымат алуу өтө кыйын болгон жабык мамлекет бойдон калууда. Ушундан улам ал жалган маалыматтарды таратуу үчүн ыңгайлуу чөйрөгө айланууда. Өлкө лидери менен түз байланышта болгон адамдардын чөйрөсү өтө тар. Чалгын кызматтарына да ишенимдүү маалымат алуу кыйын болгондуктан, көптөгөн билдирүүлөр тастыкталган факт катары эмес, текшерилбеген маалымат же божомол катары берилет.

Пхеньян өзү да өлкө ичинде чындыгында эмне болуп жатканын жашыруу үчүн атайылап жалган ушактарды таратышы мүмкүн.

Се Ваньцзюндун мындай маанилүү маалыматка кандайдыр бир жол менен ээ болуп калганы күмөндүү. Айрыкча бул кабар ушундай окуяларга көз салууга милдеттүү болгон чалгын кызматтарынын көңүлүнөн тышкары калганын эске алганда.

Балким, ал жөн гана өзүнө көңүл бурдурууну көздөгөндүр. Же болбосо, Түндүк Корея менен байланышы бар Кытайды ыңгайсыз абалга калтырууга аракет кылгандыр. Бирок бул эки өлкөнүн байланышы дүйнөгө эчак эле белгилүү.

Анын чыныгы максаты кандай болбосун, Се Ваньцзюнь Түндүк Кореянын жетекчилигинин айланасындагы белгисиздикти өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган биринчи адам эмес.