Украина: башкы колбашчылыкка тандалган генерал Михаил Драпатый ким?

Сүрөттүн булагы, Yan Dobronosov/Global Images Ukraine via Getty Images/@V_Zelenskiy_official
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Владимир Зеленский Александр Сырскийди Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы кызматынан бошотуу чечимин кабыл алганын билдирди. Анын ордун ушул убакка чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөрүнүн колбашчысы кызматын аркалап келген 43 жаштагы генерал-майор Михаил Драпатый ээлейт. Бул кадрдык өзгөрүүлөргө эмне себеп болду?
Шейшемби күн кечиндеги кайрылуусунда Владимир Зеленский "армиянын жана жалпысынан Украинанын Коргоо жана коопсуздук күчтөрүнүн жогорку колбашчылыгынын бардык деңгээлдегилери" менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн жана "жалпы көз карашты" көргөнүн билдирди.
Андан кийин ал Украина Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы колбашчысы болуп Михаил Драпатый дайындаларын жарыялады.
"Михаил Драпатый менен биргеликте жакынкы убакта жана орто мөөнөттүү келечeкте кандай милдеттер ишке ашырылышы керектигин аныктадык. Украинанын Коргоо күчтөрүнүн операциялары уланууда жана туруктуу негизде уланышы зарыл. Украинанын алыскы аралыкка сокку уруучу санкцияларынын планы, биздин "мидлстрайк" программабыз так аткарылат", - деди Зеленский.
Муну менен катар Украинанын президенти Александр Сырский Киевди коргоодо, Харьковдогу чабуул коюу операциясында, Орусиянын Курск облусундагы операцияда «Украинанын жыйынтыктарын камсыздаганын» баса белгиледи.
"Бүгүн Александр Сырский жана Андрей Гнатов менен кызматтын мындан аркы форматтарын жана иштерди туура тапшыруу маселелерин талкууладык", - деди Зеленский Башкы штабдын жетекчиси Андрей Гнатов да өз кызматынан кетип жатканын кыйытып.
Зеленский Сырскийди кызматтан бошотуу жана Драпатыйды дайындоо тууралуу расмий жарлыктар шаршемби күнү кол коюларын билдирди.
43 жаштагы Михаил Драпатый 61 жаштагы Александр Сырскийден айырмаланып, офицердик билимди советтик окуу жайдан да, Москвадан да эмес, көз карандысыз Украинадан алган. Ал 2014-главдан бери, тактап айтканда, Орусиянын Донбасска баскынчылыгы башталгандан бери согушуп келе жатат.
Дайындоо тууралуу жарыялангандан кийин Драпатый социалдык тармактарда «Украинанын президентине ишеними үчүн, коргоо министрине колдоосу үчүн, ал эми Коргоо күчтөрүнө кызматтын жаңы этабы үчүн» ыраазычылык билдирди. "Украинага кызмат кылуу менин ар дайым сыймыгым болгон, ал эми көз карандысыздык үчүн согуш учурунда бул абсолюттуу жоопкерчиликти билдирет", - деп жазды ал.
Сырскийдин кызматтан кетишине эмне себеп болду?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн жуманын шаршемби күнү кечинде Украинанын президенти коргоо министри Михаил Федоровду кызматтан бошотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Ошондо ал өз чечимин Федоров менен Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Сырскийдин ортосундагы чечилбей жаткан карама-каршылык менен түшүндүргөн. Украиналык массалык маалымат каражаттары жазгандай, Зеленский «жакшысы Федоровду да, Сырскийди да кызматтан бошотуу керек болчу», деп айтып, бирок азыр муну жасай албай турганын кошумчалаган.
Эртеси күнү эртең менен согуш башталгандан бери экинчи жолу украин шаарларында нааразылык акциялары башталды - бул жолу Зеленскийдин Федоровду коргоо министри кызматына кайра дайындоодон баш тартканына байланыштуу. Бул кызматта 35 жаштагы Федоров бар болгону жарым жыл иштеген, бирок фронт үчүн бир нече маанилүү өзгөрүүлөрдү, анын ичинде ар кандай түрдөгү жана алыстыктагы дрондорду өндүрүүнү бир топ көбөйтүүнү жана жалпысынан учкучсуз аппараттар багытын күчөтүүгө үлгүргөн.
Нааразылыкка чыккандардын көбү Сырскийди кызматтан бошотуп, Федоровду Коргоо министрлигине кайтарууга чакырышкан. Быйыл акцияларга картон плакаттарды көтөрүп чыккан украин жарандары өткөн жылы Владимир Зеленскийди Украинанын көз карандысыз коррупцияга каршы органдарынын Башкы прокуратурага баш ийдирүү чечимин артка кайтарууга мажбурлашкан эле.
Кызматтан кеткенден кийин Федоров башкы колбашчы экөөнүн ортосунда чыр болгонун жана ал президентке Сырский менен Башкы штабдын жетекчиси Андрей Гнатовду алмаштырууну сунуштаганын эл алдында тастыктаган.
Ошол эле маалда Сырский чатакка кыскача комментарий берип, өзү жетектеген 2022-жылы Киевди коргоо операциясы менен сыймыктанарын, ошонун аркасы менен «азыр бул шаарда брифингдер өткөрүлө аларын» гана айткан.
Бирок Владимир Зеленский нааразылык акцияларынын биринчи күнүндө эле «коом эмне деп жатканын түшүнөрүн, угарын жана атүгүл реакция кыларын» билдирген.
Андан кийин Зеленский Жогорку Радага башында Федоровдун ордуна дайындалары каралып жаткан ИИМ башчысы Игорь Клименконун талапкерлигин киргизген эмес.
Бир сутка өткөндөн кийин Зеленский коргоо министринин милдетин аткарууну буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматын убактылуу жетектеп келген Евгений Хмарага сунуштаган.
Ал арада украин шаарларындагы нааразылыктар дем алыш күндөрү да уланган. Маселен, өткөн жекшембиде «Интерфакс-Украина» басылмасынын баамында, Киевдин борборуна 10 миңдей адам чогулган.
Дем алыш күндөрү Зеленский ар кандай деңгээлдеги аскерлер менен бир нече жолугушууларды катары менен өткөрдү.
Сырский эмнеси менен эсте калат?
2024-жылдын февраль айында Владимир Зеленский ортосунда карама-каршылык болгон ошол кездеги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Валерий Залужныйды кызматтан бошотуп, анын ордуна Александр Сырскийди дайындаган.
Сырскийдин эмгеги катары адатта Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгынын башталышында Киевди коргоо, 2022-жылдын күз айларынын башында украин күчтөрүнүн Харьков облусундагы чабуулун уюштуруу, ошондой эле украин аскерлеринин 2024-жылдын августундагы Курск облусундагы операциясы эсептелинет.
Муну менен катар Сырскийди сындагандар да бар. Маселен, аскердик кабарчы жана "Цензор.Нет" басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов Александр Сырскийди жериндеги бригадалар менен батальондордун түздөн-түз командирлеринин "башынан аттап өтүп", оперативдүү деңгээлде буйруктарды берет деп күнөөлөйт.
Ошол эле учурда башка серепчилер Сырский орус армиясынын ресурс жагынан үстөмдүк кылуу шарттарында жана мобилизация маселелериндеги көйгөйлөр маалында иш алып барууга мажбур болгонун белгилешкен.
"Дооматтарды, сындарды айтса болот, бирок муну согуштук генеаралга, кыязы, процесс түпкүрүн жана талаасындагы кырдаалды түшүнгөн аскер адамдары гана айта алат. Себеби Сырский өз милдетин телекамераларсыз, интервьюларсыз, соцтармактагы постторсуз аткарды. Ага иштөөгө туура келген кырдаалдагы татаал милдет коюлган болчу", - деп жазды Сырскийдин кызматтан кеткени жарыялангандан кийин Киевдин мэри Виталий Кличко.
Александр Сырский өзүнүн кызматтан кетиши тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бирок дүйшөмбү күнү кечинде «Militarnyi» басылмасында ал "Менин жумушум - согуш" аттуу колонкасын жарыялады.
Анда ал Федоров менен чатакташканын четке кагып, мамилелерин "кызматтык" - "татаал маселелер, ар кандай көз караштар" деп атаган. Мындан тышкары, кетип бара жаткан башкы колбашчы согуш жүргүзүү стратегиясы жок жана өзүнө гана лоялдуу адамдарды гана жылдырып жатат деген айыптоолорду четке какты.
Генерал Драпатый ким?
43 жаштагы Михаил Драпатый көз карандысыз Украинада офицер болгон. Ал 2004-жылы Харьков танк аскерлери институтун, андан соң 2017-жылы Украинанын Улуттук коргоо университетин аяктаган.
Ал 2014-жылдын май айында кеңири тааныла баштаган. Ошол кезде 72- бригаданын батальонунун командири болуп турган Драпатый орусиячыл жикчилдер басып алган Мариуполь шаарынын борборуна украин аскерлеринин жарып кирүүсүн уюштура алган.
Ошол эле жылдын август айында абдан татаал шарттарда Драпатый Луганск облусундагы Изварино айылынын жанындагы курчоодон Украин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн чыгарып кеткен.
2016-жылы Драпатый 58-мото-жөө аскерлер бригадасын башкарган. Орусиянын 2022-жылдагы толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан кийин Херсон багытындагы коргоону жетектеген, атап айтканда, 2022-жылдын ноябрында Херсонду бошотуу операциясына катышкандардын бири болгон.
2024-жылдын октябрында Драпатый генерал-майор наамын алган. Анын алдында ал 10-майда башталган Харьков облусундагы орус чабуулуна каршы туруу үчүн жооптуу болчу. Ал фронттун бул участогунда коргоону уюштуруп, душмандын аймактын ичине киришине жол берген эмес.
Александр Сырский 2024-жылдын февраль айында башкы колбашчылыкка дайындалгандан кийин Драпатый анын командасына кошулуп, аскерлерди даярдоо боюнча башкы штабдын башчысынын орун басары болуп калган.
Украин куралдуу күчтөрүнун Бириккен күчтөрүн Драпатый өткөн жылдын октябрында жетектей баштаган.
Аскердик эксперттер Драпатыйдын командир катары кесипкөйлүгүн, жеке курамга аяр мамиле жасаганын жана аскерлер арасында кадыр-баркы жогорку экенин белгилешет.
Михаил Федоров коргоо министри кызматынан бошотулгандан кийин Драпатый социалдык тармактарда ага жана мурдагы министр Коргоо министрлигинде жүргүзгөн ишке колдоо көрсөттү.
"Коргоо министрлигине жаңы команда келгенден кийин аскердик системада жылдар бою иштеп келген эрежелерди өзгөртүүгө реалдуу аракет болду. Бул жаңы аталыштар же кагаз бетиндеги кезектеги кайра куруу жөнүндө эмес, кесепеттерин жоокерлер жана командирлер күн сайын сезип жаткан көйгөйлөр тууралуу болчу", - деп жазды Михаил Драпатый.
Федоровду эмне күтөт?
Кечки кайрылуусунда Зеленский шейшемби күнү мурдагы коргоо министри менен жолукканын айтты.
"Мен Михаилге мамлекетибиздин технологиялык курамдык бөлүгүн бириктирүүгө, анын өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү бийликтеги татыктуу кызматты сунуштадым", - деди Украинанын президенти.
Сөз кайсы кызмат жөнүндө болуп жатканын Зеленский тактаган жок.
Өткөн жумада Федоров Зеленский ага кеңешчи кызматын сунуштаганын, бирок баш тартканын эл алдында билдирген.
Украинанын президентинин жаңы сунушуна Федоровдун реакциясы азырынча белгисиз.
Сырскийдин кызматтан кеткени жана Драпатыйдын дайындалганы тууралуу жарыялангандан кийин эле Федоров болгон өзгөрүүлөрдү "эркин адамдардын эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүндөгү жаңы аба жана жаңы үмүт" деп мүнөздөдү. "Угулбай калышы мүмкүн эмес болгон өзгөрүүлөрдүн үнү", - деп жазды мурдагы министр.
Ал Драпатыйды дайындалышы менен куттуктап, Сырскийге чалып "Киев облусун коргогону, Харьков операциясы жана башка тарыхый салгылашуулары үчүн ыраазычылык билдиргенин" кошумчалады.
































