"Кулагымды да, көзүмдү да алды". Чернобыль апаатына 40 жыл

Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл туура 40 жыл болду. Убагында апааттын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстандан үч миңден ашуун адам жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын тогуз жүздөйү гана калган. Бул адамдардын көпчүлүгү азыркыга чейин ден соолугунун азабын тартып келет. Би-Би-Си очокко жакын жерде иштеп, радиациянын кесепетинен майып болуп калган кыргызстандык менен жолугуп, баарлашты.
1986-жылдын 26-апрели адамзат тарыхында Чернобыль апааты катары эсте калды. Кырсык жүз миңдеген адамдын тагдырын өзгөрттү. Алардын арасында кыргызстандык Калыбек Тейишов да бар.
Ал кезде Калыбек Тейишов 30га жаңы толгон, ишке тойбой турган жигит эле. Азыр болсо радиациянын кесепетинен чалдыккан оорулары менен алышып жашап жаткан чагы.
Радиациялык нур анын ден соолугун, эс тутумун да алган. Биз менен маектешүүдө көп нерсени эстей албай жатты. Ошентсе да Чернобылга кандайча кеткенин, келгенден кийинки тарткан азабын баяндап берди.
Чернобылда станция жарылган маалда Калыбек Тейишов борбордо курулушта иштечү экен.
"Бир күнү күтүүсүздөн эле аскер комиссариатынан чакыруу келип калды. Эртеси барсам, Черноблга кетесиң деп айтышты. Атомдук радиация эмне экенин жакшы билгендиктен, барбайм деп баш тарттым. Бирок ал учурда тартип күчтүү эле, ой-боюма койбой эле чакырылгандын эртеси күнү мажбурлап алып кетишти",- деп эскерет Тейишов.
Ал жарым жылдык мөөнөткө кеткен, бирок төрт жарым ай гана иштеп келген. Канча этият болбосун, радиациянын таасиринен буйтап өтүү мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө, ал жарылган төртүнчү энергоблокко абдан жакын жерде иштеген.
"Мен төртүнчү блоктун тегерегинде, мындайча айтканда очогунда иштедим да. Төртүнчү блокто крандын кулаганын өз көзүм менен көрдүм. Бир күнү өрт да чыккан. Аймакта бирин-серин гана чал-кемпирлер болбосо, кыбыр эткен жан көргөн жокпуз. Баары үй-жайын таштап кеткен. Биз деле колубуздан келишинче сактанууга аракет кылдык. Колубузга бирден дозиметр берип коюшкан. Бирок ал деле жардам бере алган жок",- дейт ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Калыбек Тейишов Черноблдан кайтып келгенден кийин көп өтпөй ден соолугу начарлай баштаган. Муундары, буту-колу ооруп, баш оорусу күчөгөн. Эс тутуму да начарлап кеткен. Ошентип куландан соо адам 3-топтогу майыпка айланган.
"Бизге организм канчалык ууланганын айтышкан жок. Кетээрде гана канча доза алганымды кагазга жазып беришти. Аны да төмөндөтүп жазып коюшуптур. Кыязы жашырышты окшойт. Келгенден кийин аз убакыт жакшы жүрдүм да, анан баары башталды",- деп кошумчалады Чернобль окуясынын катышуучу.
Калыбек Тейишов бир нече жыл мурун инсульт да алган. Андан тышкары кант диабетине чалдыгып, көзүнүн көрүүсү начар, кулагы да жакшы укпай калган.
"Алгач башымдан башталды. Ооруса чыдай албайсың, балдарыма тебелеткен күндөр да болду. Анан бутума түштү. Акырында кан басымым жогорулай баштады. Келип-келип кант диабетине кабылдым. Кулагымды, көзүмдү алды. Айтор, ошондон бери эле оору менен кармашып келе жатам",- дейт ал.
Чернобыль апаатынан кийин анын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн бир топ жеңилдиктер берилген. Мамлекет тарабынан бекер дарылануу, курортторго жөнөтүү, коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик берүү сыяктуу шарттар каралган. Бирок убакыт өткөн сайын мындай шарттардын көбү алынып салынган.
Учурда анын пенсиясы жана Чернобыль апаатынын катышуучусу катары берилген төлөм жалпысынан 20 миң сомдун тегерегинде. Айтымында, бул каражат дары-дармегине да жетпейт.
"Оорукана бекер деп коёт. Бирок дарынын баарын өзүбүз сатып алабыз. Эмне айтса ошонун баарын алып келебиз. Ийнелердин баарын өз жаныбыздан алабыз. Мурдагыдай курорт деген жок. Ооруканага барсаң, кезек күтүп отуруп чарчайсың. Кайсы бир жылы инсульт алдым. Ооруканага барсам орун жок деп албай коюшту. Өлсөм ушул жерден өлөм деп кушеткасына жатып алдым. Ошентип араң жаттым. Эмне кылам анан. Жан кыйналганда баарын кылат экенсиң да. Диабеттен тышкары жүрөгүм да ооруйт",- деди Тейишов.

Жубайы Айнагүл Кашкабашева жолдошу Черноблга кеткен учурду жана кайтып келгенден кийинки оор күндөрдү мындайча эскерет:
"Кетип бара жатканда алдуу-күчтүү, жакшы эле болчу. Мен үчүнчү баламды төрөп, декретте элем. Үйдө жалгыз калдым. Үч бала менен абдан кыйналдым. Бирин мектепке, экинчисин бала бакчага ташыйм. Үчүнчүсү болсо эмчекте. Кеч күз, күн дагы сууктап калган. Же майга жетпейм же чайга жетпейм. Айтор оор күндөрдү башымдан өткөрдүм. Анан жолдошум кайтып келип калды. Кайтып келгенде таптакыр өзгөрдү. Нерви бузулуп, дары ичпесе башы катуу ооруй турган болуп калды. Башы катуу ооруганда балдарга тебелетчү. Анан бутуна өттү. Айтор, ошол күндөн тартып эле оору менен алышып келе жатат. Аны багам деп жатып, мен дагы ооруп калдым. Кайтып келген алгачкы жылдары деле өкмөт тараптан олуттуу жардам болгон жок. Болгону төрөбөгүлө, балдарыңар оорулуу болуп калат деп эскертишти".
1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, болжолдуу Хиросиманын күлүн көккө сапырган "Малыш" атом бомбасынан 400 эсе көп радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган.
Курмандыктардын саны боюнча чоң айырмачылыктар бар. БУУнун расмий маалыматында 50 киши авария кесепетинен каза таап, андан кийинки зыяндуу нурдан төрт миңдей киши көз жумганы айтылат. Чернобылдагы өзөктүк реактор кыйроого учураган алааматтын кесептин жоюуга жалпы 600 миңден ашуун адам катышкан.
































