Пентагондогу кезектеги кызматтан алуу: Аскер-деңиз күчтөрүнүн министри Жон Фелан отставкага кетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пентагон АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Жон Феландын отставкасын жарыялады. Ал Дональд Трамптын Ак үйгө жана Пит Хегсеттин коргоо министрлигине келиши менен кызматынан айрылган кезектеги америкалык аскер кызматкери болуп калды.
Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Шон Парнелл Фелан өз кызматынан дароо кетерин жана министрдин милдетин анын орун басары Хунг Као аткара турганын билдирди.
Феландын отставкасы АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу уланып жаткан (азыркы кезде ок атууну токтотуу жарыяланган) жана америкалык аскердик-деңиз күчтөрү Ормуз кысыгында деңиз блокадасын улантып жаткан учурда белгилүү болду.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранды блокадага алуу улана берерин билдирүүдө, бирок бул өлкөнүн бийлиги муну ок атууну токтотуу келишимин бузуу катары баалап жатат.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Феландын жумуштан кетиши эмнеге байланыштуу экенин түшүндүргөн жок.
Апрелдин башында Хегсет АКШнын Жөө аскерлеринин штаб башчысы Рэнди Жоржту кызматтан алган.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери 10дон ашык жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өз кызматтарынан айрылышты, алардын ичинде Штабтардын башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы генерал Чарльз Браун, Аскер-деңиз күчтөрүнун штаб башчысы адмирал Лиза Франкетти, Аскердик-аба күчтөрүнүн штаб башчысынын орун басары Жим Слайф жана аскердик чалгындоо кызматынын башчысы Жеффри Круз бар.
"Алтын флот": Фелан деген ким?
Фелан аскер кызматкери эмес, Аскер-деңиз күчтөрү министри болуп дайындалганга чейин ал Флоридадагы жеке инвестициялык фондду жетектеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дональд Трамп аны «өлкөдөгү эң ийгиликтүү бизнесмендердин бири» деп атаганын New York Times эске салат.
"Ал балким бул жумушту тарыхтагы эң чоң айлык акынын төмөндөшү менен алды, бирок ал муну кылгысы келет, - деген Трамп Феланды дайындоо учурундагы пресс-конференцияда. - Ал биздин Аскердик-деңиз флотубузду калыбына келтирүүнү каалайт. Жана муну талаптагыдай аткаруу үчүн дал ушундай акыл-эс керек".
Басылманын маалыматы боюнча, Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы катары Фелан "Алтын флотту" түзүү менен алектенген, ал жаңы кемелерге, анын ичинде "Трамп" классындагы линкорлорго ири инвестицияларды жумшоонун натыйжасында курулушу керек болчу.
Трамп эки жаңы линкордун курулушун жактырганын, ал эми келечекте 25ке чейин куруу пландалып жатканын айткан. "Алар эң ылдам, эң чоң жана, албетте, буга чейин курулган каалаган линкордон 100 эсе кубаттуу болот", - деп билдирген АКШ президенти өткөн жылдын декабрында.
Бирок, NYT аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен жазгандай, Феландын министрликтеги иши Пентагондун жетекчилиги менен, анын ичинде Хегсет жана коргоо министринин орун басары Стивен Файнберг менен болгон чыр-чатактар менен коштолгон. Чыңалуунун себеби «менеджмент стили, жеке келишпестиктер жана башка маселелер» болгон деп айтылат макалада.
CNN булактары Фелан Хегсет менен бир нече айдан бери чырлашып келгенин кабарлашууда. Ошол эле учурда Пентагон башчысы ал кеме куруу программасын өтө жай ишке ашырып жатат деп эсептеген — ошондой эле Феландын Трамп менен түз байланыштарына нааразы болгон: коргоо министри муну анын башынан аттап өтүү аракети катары баалаган, деп айтылат CNN макаласында.
CNN маалыматы боюнча, Файнберг да кеме курууну көзөмөлдөгүсү келет, адатта бул иш АДК министринин жоопкерчилигине кирет. Бул маалыматты NYT булактары да тастыкташууда.
NYT гезитинин маалыматына караганда, Феландын Хунг Као менен да мамилеси чыңалып калган, ал эми Као социалдык жана маданий маселелер боюнча Хегсетке бир топ жакын турат.
































