"Эч кимге көрсөтпөй ыйлап жатам". Баткенде селден кийин эки үй толук жараксыз болуп калды

Сүрөттүн булагы, courtesy
Өлкөнүн түштүк аймактарында апрелдин аягында, майдын башында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак жайларды, короолорду суу каптап, жолдор бөгөлдү. Табият кырсыгынан улам социалдык объектилер да зыянга учурады. Ушул күндөрү Кыргызстан эле эмес, коңшулаш Казакстандын, Өзбекстандын айрым аймактарында да сел жүрүп жатат.
Гүлхумар Тагаева үч небереси менен азыр убактылуу бөтөн үйдө жашап жатат. Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 2-май күнү кечинде сел жүрүп, бир нече турак жайга суу кирген. 57 жаштагы Гүлхумар Тагаеванын үйү селден катуу жабыркап, жашоого мүмкүн болбой калды.
"Жамгыр жаап жаткан, анан эле селге айланып кетти. Тышка чыгып, кайра үйгө кирсем, бөлмөлөргө да суу кирип жатыптыр. Неберелерим дивандын үстүнө чыгып, корголоп турушту. Алар коркконунан ыйлап жиберишти. Жогору жакта жашаган кошунама чалып, ал машинеси менен келип, неберелеримди алып чыгып кетти. Ошол кошунамдын үйүндө отурдук. Ошентип, өзүмдүн үйүм жараксыз болуп калды. Дубалдар оюлуп, жарылып кетиптир. Эми ал жерде киши жашаганга болбойт. Азыр аябай ичим күйүп, эч кимге көрсөтпөй, ыйлап жатам. Балдарым чогулткан буюм-тайым, неберелеримдин китептери суу болуп жарабай калыптыр. Комиссия келип, сүрөткө, видеого тартып кетип жатат. Маңдайга жазганын көрсөбүз да эми. Азыр бирөөнүн үйүнө убактылуу көчүп кирдик. Жууркан-төшөгүмдү жайып келдим. Уул-келиним да жок эле, шаарга иштегени кетишкен", - деп үшкүрдү Гүлхумар Тагаева.
Баткен районунун акими Данир Иманалиев Би-Би-Сиге учкай маалмат берип, селден аймакта эки үй толук жараксыз болуп калганын ырастады. Ал ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, селдин кесепеттерин тез арада жоюу боюнча тапшырма бергенин кабарлады:
"Мен сел жүргөн аймактан жаңы эле келдим. Бүгүн да тазалоо иштери жүрүп жатат. Башында 35 үй-бүлөнү туугандарыныкына көчүргөнбүз. Азыр айрымдары өз үйлөрүнө көчүп келе баштады. Селден эки үй аябай жабыркаган. Мындан ары жашоого болбойт. Себеби селдин нугу дал ушул турак-жайларга тийген, топодон салынган дубалдар урап калган. Бир үй-бүлөгө убактылуу башка үй бердик, дагы бирине да үй таап беребиз. Ал азыр туугандарыныкында баш калкалап жатат. Калгандары аба-ырайы жакшы болсо, бүгүн-эртең өз үйлөрүнө кайтып барышат. Жалпысынан өтө жабыркаган төрт үйдүн бири камсыздандырылган экен. Азыр зыяндын көлөмүн эсептөө иштери уланып жатат".

Сүрөттүн булагы, official
Бул арада өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен районунун сел жүргөн айылдарына барды.
"Иш сапардын алкагында министр Ак-Татыр айыл аймагындагы сел өткөрүүчү сайдын абалын, ошондой эле табигый кырсыктан жабыркаган аймактарды көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл сел кирген турак үйлөргө бурулду. Министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, сел жээгин бекемдөө жана сел агымдарын коопсуз өткөрүү маселелери боюнча жарандардын сунуш-пикирлерин угуп, жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди", - деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.
2-май күнү кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 150дөй адам эвакуациялан. Сел 50гө жакын турак үйдү каптап, 10го жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен.
Катуу жааган жаандан улам 4-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө сел жүрүп, 40 үйдүн короо-жайына суу кирген. Жалпысынан 70ке жакын кутаруучу айылда тазалоо иштерин жүргүзгөн.
1-майда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында да бир катар турак жайларды суу каптаган.
30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, кээ бир жолдор убактылуу жабылган.
29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Аймакта мектеп зыянга учураган.































