"Көйгөй чечилбесе таарынбагыла": Жапаров жергиликтүү бийликке катуу талап койду

Сүрөттүн булагы, Official
Облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тарта ар бир айыл өкмөттө калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.
Президент жакында Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү райондук жана облустук деңгээлде чечиле турган көйгөйлөр экенин айтты.
"Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду. Өзүңүздөр күбө болгондой, көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган маселелер. Социалдык жардам, үй салууга жер тилкесин берүү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу, "айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду, адилетсиз камап койду" деген өңдүү ж.б. даттануулар. Алар ошол эле айыл өкмөт, ал болбосо район акими, анын алы жетпесе облустардагы менин өкүлдөрүм - губернаторлор тарабынан чечилчү маселелер экен",- деп жазды Жапаров.
Жаңы тартипке ылайык, эми облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, прокуратура, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү ар бир айыл өкмөткө барып, эл менен жеринде жолугушууларды өткөрөт.
Бул жолугушуулар май-июнь айларында УТРК жана ЭлТР аркылуу, ошондой эле социалдык тармактарда түз эфирде көрсөтүлөт.
Күз айларында ушундай форматтагы жолугушуулар кайрадан улантылат. Президент бул процессти жеке өзү да көзөмөлдөй турганын белгиледи. Ал жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, көйгөйлөрдү создуктурбай чечүүнү талап кылды.
"Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат. Анда дагы түз эфир уюштурулат. Ошондо май-июнда жарандарыбыз тарабынан айтылган маселелер чечилдиби-жокпу билинет. Ушул жерден жергиликтүү жетекчилерге да кайрыла кетейин. Ош облусуна болгон сапарымда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн басымдуу көпчүлүгүн сиздердин деңгээлде эле чечип койсо боло турганына көзүм жетти. Албетте, айлап-жылдап чечилбей келаткан маселелер да болушу мүмкүн. Талаштуу маселе болсо, жоопкерчиликти жалгыз алуудан тайсалдап жатсаңыздар жеринде тараптардын жүйөөлөрүн угуп, өз ара кеңешип, калыс карап, адилет чечип бериңиздер. Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертемин! Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар. Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар",- деп эскертти Жапаров.
























