"Кытай Ирандагы согушта жеңишке жетти". Трамптын саясатынан Кытай упай топтоодо

Трамп менен Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Си
    • Author, Алексей Калмыков, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Дональд Трамп америкалыктарга "АКШны кайрадан улуу кылуу" убадасын берген. Азырынча ийгиликтер күмөндүү, бирок бир өлкө АКШнын президентине дүйнөдөгү аброюн жана таасирин жогорулатканы үчүн ыраазы боло алат – бул Кытай. Дүйнөнүн алдыңкы державасы болуу кармашында АКШнын башкы атаандашы адегенде соода согушунан, андан кийин АКШнын Иран менен болгон чыныгы согушунан күтүлбөгөн пайдаларды табууда. Бул кандайча ишке ашты?

Учурда Перс булуңунда жүрүп жаткан согушка Кытай катышкан жок, бирок бир нече алдыңкы америкалык эксперттер дал ушул өлкө согушта жеңишке жетти деп эсептейт.

Ал эми америкалыктар Дональд Трамп согушту эскертүүсүз баштаганын, кеңири масштабдагы энергетикалык кризиске себепчи болуп, АКШнын өз союздаштарын коргоого даярдыгынан жана жөндөмдүүлүгүнөн шек санатып жатканын белгилешүүдө.

"АКШнын достору да, атаандаштары да өлкө барган сайын дүйнөдөгү туруктуулукка жана тартипке коркунуч жараткан куугун мамлекетке окшошуп, кайра-кайра шылдыңга калууда", - деген пикирде америкалык саясат таануучу жана философ, демократия, мамлекеттик башкаруу жана дүйнөлүк тартип жаатындагы негизги батыш эксперттеринин бири Фрэнсис Фукуяма.

"Трамптын тушунда Америка өзүнө-өзү ушунчалык тынбай зыян келтирип жаткандыктан, Кытай бул багытта эч нерсе деле кылбай койсо болот", - деп жазды ал.

Иранга кол салуу жана Трамп жүргүзгөн соода согуштары АКШны кыйратуучу күчкө айландырып, планетанын экинчи экономикалык жана аскердик державасы болгон коммунисттик Кытайды автоматтык түрдө туруктуулуктун жана акылга сыярлык саясаттын казыгы кылып койду.

"Бээжиндин көз карашы боюнча, Вашингтон улам бир кадам таштаган сайын өз кубатынын пайдубалын бузуп, союздаштары менен араздашып, бүткүл дүйнөнү өзүнө каршы кылып жатат", - деп белгиледи Жо Байден маалында АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин жана Мамлекеттик департаментинин Кытай боюнча мурдагы кеңешчиси болуп иштеген Жулиан Гевирц.

"Натыйжада көптөгөн өлкөлөр өз кызыкчылыгын гана көздөгөн Америкага караганда Кытай менен тил табышуу оңой жана ишенимдүү экенине ынана баштады", - деп жазды учурда Колумбия университетинин эксперти Гевирц.

Белгилүү америкалык экономист, Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман да ушундай эле пикирде.

"Кытай Перс булуңундагы үчүнчү согушка тикелей катышкан жок. Бирок ал биздин басынып жатканыбызга канааттанганын жашырган жок. Согуштун жүрүшү да, Кытайдын ролу да глобалдык күчтөрдүн тең салмактуулугун өз пайдасына олуттуу түрдө өзгөртө алды".

"Кытайлар олуттуу адамдар, ал эми биз андай эмеспиз"

"Ооба, Кытайда коррупциялашкан автократия өкүм сүрүүдө, бул өлкө адам укуктарын сыйлабайт жана демократиялык баалуулуктарды тааныбайт. Бирок бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар "кытайлар олуттуу адамдар, ал эми биз андай эмеспиз" деген жыйынтыкка келишти", - деп белгилейт Кругман.

"Ошондуктан Америка бул согушта утулуп, Кытай жеңишке жетти", - деп эсептейт ал.

Сүрөттө: Иран согушу дүйнөдө Америкага каршы маанайды күчөттү. Индиядагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 2026-жылдын 6-марты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Иран согушу дүйнөдө Америкага каршы маанайды күчөттү. Индиядагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 2026-жылдын 6-марты.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын жана Израилдин Иран менен согушу Американын Перс булуңундагы жана жалпы дүйнөдөгү союздаштарына аскердик жана экономикалык зыян келтирди. Кытай болсо бул кырдаалда турукташтыруучу күч катары чыкты.

Карнеги фондунун Жакынкы Чыгыш боюнча программасынын эксперттери чөлкөмдө ачыктан-ачык атаандаштарынын болбогону Кытайдын башкы артыкчылыгы экенин белгилешет. "АКШдан айырмаланып, Бээжин баары менен, анын ичинде Вашингтондун негизги союздашы Израил менен достук мамиледе", - деп жазышты алар.

"АКШ менен Кытайдын дипломатиялык таасириндеги ажырым кыскарууда. Кытай "жумшак күчүн" көбөйтүүдө, ал эми АКШ өз позициясын өзү бузуп, системалуу түрдө куралдуу жаңжалга өтүп жатат, муну менен Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн саясатында дипломатиянын ролу азаюуда", - дешет эксперттер.

Кытай экономикалык турукташтыруучу ролду да аткарууда. Ормуз булуңунун жабылышынан улам зыянга учурап жаткан өлкөлөргө ал укмуштуудай көп запастардын эсебинен мунайдын импортун дээрлик эки эсе кыскартты. Муну менен Кытай энергетикалык кризисти жумшартып, мунайдын бир баррели үчүн баанын 200 долларга чейин көтөрүлүшүнө жол берген жок.

"Трамптын оюну жаңы согушка себепчи болушу мүмкүн"

"Бул дүйнөлүк саясаттагы жаңы деңгээл. Буга чейин мунай рыногунда көйгөй жаралганда АКШнын президенти биринчи кезекте Эр-Риядга телефон чалып, Сауд Арабиясынан мунай экспортун көбөйтүүнү өтүнчү", - деди Bloomberg агенттигинин мунай боюнча башкы эксперти Хавьер Блас.

"Эми баары адегенде Бээжинге телефон чалып, импортту кыскартууну суранышы мүмкүн. Бул абдан кызыктуу жылыш. Мунун АКШ үчүн саясий кесепеттери кандай болору абдан кызык болуп турат", - деди ал.

Бластын баамында, кытайлар эки себептен улам мунай көзүрүн колдонушту. Кытайга дүйнөлүк кризистин кереги жок, себеби анын экономикасы толугу менен экспортко байланган, ал эми кризис улана берсе, кытай товарларын сатып алгандардын акчасы азаят.

Сүрөттө: Кытай санкцияга кабылган Иран мунайынын негизги сатып алуучусу. Ирандын жээгинде турган танкер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Кытай санкцияга кабылган Иран мунайынын негизги сатып алуучусу. Ирандын жээгинде турган танкер

Экинчи себеби жашыруун, бирок теория катары анын да өз орду бар.

Кытай жана АКШ тынымсыз диалог түзүп келишет жана Блас мунайдын дүйнөлүк баасын турукташтыруу темасы көшөгө артындагы макулдашуулардын бир бөлүгү болгонун четке какпайт. Макулдашуу эмне жөнүндө болушу мүмкүн? "Божомолдосо гана болот", - дейт Блас. Бирок кыйыр белгилер Кытай үчүн маанилүү болгон Тайвань маселеси боюнча Вашингтондун позициясы жумшарганын көрсөтүп турат.

Май айында Ак үй Тайванга болжол менен 14 миллиард долларлык ири аскердик жардамды токтотуп койгон – расмий түрдө бул Ирандагы согуш үчүн запастарды сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн. Ал эми августта Трамп Түштүк Корея менен аскердик машыгуулардын масштабын кыскартууну буйруп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен абдан жакшы мамиледе экенин билдирген.

"Трамптын чечимин союздашка кол салуу жана Ким Чен Ынга белек катары гана баалабаш керек. Кытай бийлиги бул машыгууларга көптөн бери нааразылыгын билдирип келген. Мен АКШнын Мамлекеттик департаментинде иштеп жүргөндө кытай аткаминерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул маселени такай көтөрүшчү", - деп белгилейт Жулиан Гевирц.

"Ошондуктан, машыгуулардын масштабын кыскартуу – Кытай көп жылдар бою умтулуп келген жыйынтык", - деп жазды Гевирц.

Фрэнсис Фукуяма Трамптын мындай оюндары жаңы согушка алып келерин эскертти.

"Трамп өзү АКШнын президенти болуп турганда Кытай Тайванга кол салбайт деп айткан. Си Цзинпин Кошмо Штаттардын кубатын жоготуусуна тоскоол болгусу келбейт. Бирок, эгерде Америка кайсы бир учурда багытты өзгөртүүгө даяр болгон президентти тандаса, бул Си Цзинпинди тез жана чечкиндүү аракет кылууга мажбурлайт".

"Бизге ишенбей да, бизден коркпой да калышты"

Азырынча Кытай Трамптын каталарынан пайдаланып, анын көйрөңдүгүнөн пайдаланып жатат деп эсептейт Фукуяма.

"Трамп ачуусун жана каарын чет элдик диктаторлорго гана эмес, ички оппоненттерине да сактап жатат", - деп жазган Фукуяма Трамптын Си Цзинпинге май айындагы сапарын эске салды.

Сүрөттө: Си Трамптын ашыра мактоо сөздөрүнө жооп кайтарбайт

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Си Трамптын ашыра мактоо сөздөрүнө жооп кайтарбайт

"Жолугушуунун маанайы Трамп кытайлардын көз алдында канчалык төмөн түшкөнүн көрсөттү. Трамп Си Цзинпинди "улуу лидер", "чыныгы дос" деп атап, Кытайды кайра-кайра мактаганы көзгө өзгөчө өөн учурады. Автократтар менен буга чейинки тажрыйбасынан улам Трамп өз дарегине да мактоо сөздөрүн күтсө керек. Бирок, Си Цзинпин "АКШ жана Кытай атаандаш эмес, өнөктөш болушу керек" деген сөздөр менен чектелди.

Трамптын тушунда АКШнын күч-кубатына болгон сыйды кытайлар гана жоготуп жаткан жок. Америкалык Pew Research борборунун социологдору аныктагандай, быйыл дүйнөдө биринчи жолу АКШга караганда Кытайга, Американын президентине караганда Кытайдын төрагасына жакшыраак мамиле жасала баштады.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу мындай пикири менен бөлүштү: "Көптөгөн эски союздаштарыбыз, бизге Экинчи Дүйнөлүк согушта, андан кийин "кансыз согушта" жеңишке жетүүгө жардам берген өлкөлөр бүгүнкү күндө АКШга караганда Кытайга жан тарта баштады", - деди.

Трамптын көптөн берки сынчысы Кругмандын баамында, көйгөй Американын гегемониясынын өзөгүн бузууда. Кругман Трамптын реформалары жана кадрдык чечимдери илимдеги жана технологиялардагы лидерликти, аскердик артыкчылыкты, "жумшак күчтү", финансылык кубаттуулукту жокко чыгарып, доллардын дүйнөдөгү башкы резервдик жана эсептешүү валютасы катары ролун азайтып, эң негизгиси Америкага дүйнөлүк алдыңкы держава болууга мүмкүндүк берген союздарды бузуп жатканын жазды.

Колумбия университетинен Жулиан Гевирц да ушундай эле пикирде.

"АКШ алдыңкы университеттерди каржылоону кыскартып, чет элдик окумуштуулардын Америкада иштөөсү үчүн өтө жагымсыз же такыр эле мүмкүн эмес шарттарды түзүп жатат. Ошол эле учурда АКШ дүйнө жүзү боюнча USAIDден баштап, "Американын үнүнө" чейин таасир этүүчү аспаптарын жок кылууда", - деп жазды Гевирц.

"Кытайдын баамында, АКШ өз ыктыяры менен куралсызданып жатат. Иран согушу мунун дагы бир далили", - дейт Кругман.

"Трамп эч ким менен кеңешпестен согушту баштады, бул согуш өлүм менен кыйроону гана алып келбестен, ошону менен бирге дүйнөнү мунай жана газдын олуттуу бөлүгүнөн ажыратты. Согуш башталгандан кийин Америка Иранга өз эркин таңуулоого да, Ормуз кысыгын блокададан чыгарууга да, чөлкөмдөгү союздаштарын коргоого да жөндөмсүз экенин көрсөттү", - деп жазды Кругман.

"Ошентип, эми дүйнө бизге ишенбей да, бизден коркпой да калды".

Кытай эксперттери: Кырдаал өзгөрүшү мүмкүн

Кытайлар ыраазы, бирок жеңишти майрамдоого шашылган жок. Жакынкы Чыгыш боюнча Кытайдын алдыңкы эксперттеринин бири, Сиан шаарындагы Түндүк-Батыш мамлекеттик университетинин профессору Ван Цзиндин айтымында, Кытай азыркы кырдаалдан пайда таап жатат деп айтууга азырынча эрте.

"Америка жеңилип, Кытай жеңди деген жөнөкөй тыянак чыгарууга болбойт, - деди профессор чөлкөмдөгү абройлуу Diplomat басылмасына жазган макаласында. – Тескерисинче, чөлкөмдө өзгөрүүлөрдүн жаңы фазасы башталганда, Кытай жаңы көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн, ал эми АКШга жаңы стратегиялык мүмкүнчүлүктөр ачылышы ыктымал".

Жакынкы Чыгыштагы бай өлкөлөр мурдагыдай эле америкалык аскердик технологияларга көз каранды, Иран ракеталар менен дрондорун тынымсыз учуруп жатканда алардын курал-жаракка болгон муктаждыгы көбөйдү. Ван Цзин белгилегендей, БАЭ да, Бахрейн да аскердик союздаш катары АКШдан башка эч кимди таба албайт.

Сүрөттө: Америкалык Abrams танктары Кувейттин, Сауд Арабиясынын жана АКШнын биргелешкен машыгууларында

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Америкалык Abrams танктары Кувейттин, Сауд Арабиясынын жана АКШнын биргелешкен машыгууларында

"АКШнын аскердик кызматташтыгы олуттуу кыскарган учурда Орусия да, Кытай да, Пакистан да стратегиялык боштукту толтура албайт. Перс булуңундагы араб мамлекеттери диверсификацияга умтулууда, бирок бүгүнкү күндө эч бир үчүнчү держава Жакынкы Чыгыштагы алдыңкы аскердик күч катары АКШны алмаштыра албайт", - деп жазды ал.

Мындан тышкары, АКШ дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ өндүрүүчү катары Ормуз блокадасынан кийин жаралган чийки заттын таңкыстыгынан улам алдыңкы энергетикалык державасы катары позициясын бекемдей алган. Ошол эле маалда Кытай ири импорттоочу катары Перс булуңунан, анын ичинде Ирандан олуттуу жеткирүүлөрдү жоготту, ал эми келечекте АКШ Кытайдын энергетикалык коопсуздугуна да зыян келтириши мүмкүн.

"Эгерде Иран менен АКШ Тегеранга каршы санкцияларды жеңилдетүү боюнча тил табышса, анда Ирандын рыногуна Батыштан олуттуу инвестициялар келиши мүмкүн. Натыйжада Кытайдын Ирандагы көптөн берки экономикалык артыкчылыктары азайышы ыктымал", - деди Ван Цзин.

Дипломатияга байланышкан дагы бир көйгөй бар. Кытай чөлкөмдөгү тирешкен өлкөлөрдүн ортосунда өз кызыкчылыгын сүрөөгө мажбур болот. Иранды колдосо, анда аны бомбалап жаткандар, биринчи кезекте БАЭ менен мамилелери татаалдашат. Ал эми Иранды сындаса же ага кысым көрсөтсө, Кытай менен Ирандын мамилеси бузулат.

"Ошондуктан, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, кемелердин эркин жүрүүсүн коргоо жана Иран менен да, Перс булуңундагы араб мамлекеттери менен да мамилелерди сактап калуунун ортосунда тең салмактуулукту табуу Кытай үчүн барган сайын татаал дипломатиялык милдетке айланышы мүмкүн", - деп эсептейт эксперт. (ZMa)