Ысык-Көл жээгине заманбап талаптарга жооп берген үч мейманкана курулат

көл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап талаптарга жооп берген беш жылдыздуу үч мейманкана курулат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Айтымында, долбоордун жана стандарттардын негизги талаптарынын бири пляж зонасынын абалы.

"Эң негизгиси ошол жердеги мейманканалардын талаптарына жооп бере турган пляж болушу керек. Мурун ал жакка дээрлик эч ким түшчү эмес, ошондуктан аймак бир нече метрге чейин сазга айланып калган. Мындай көрүнүш туристтерди качырат. Ошондуктан ал жердин төмөнкү катмары тазаланып, топурак төшөлөт. Анын үстүнө кум төгүлөт. Кум салынгандан кийин бул аймакта туристтерди жана конокторду кабыл алуу үчүн ылайыктуу шарт түзүлөт",- деди ал.