"Ден соолугум начарлап жатат". ЖАМК Аскат Жетиген абакта тамакты тоё жебей жатат деген маалыматты төгүндөдү
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы акын Аскат Жетигендин ден соолугу начарлап, тамак-аштан кыйналып жатканы тууралуу тараган маалыматты четке какты. Мекеме акындын тамактануусу жана саламаттыгы талапка ылайык экенин билдирип, укук коргоочулардын дооматтарын негизсиз деп атады. Буга чейин акындын абактагы абалы тууралуу каты жарыяланган.
"Абактагылар күнүнө үч маал ысык тамак менен камсыздалган. Ал буга чейин бекитилген меню жана азык-түлүк менен камсыздоо ченемдерине жооп берет. Таңкы тамак, нанүштө жана кечки тамак санитардык-эпидемиялогиялык талаптарга ылайык жүрөт", - деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматыны басма сөз кызматы Би-Би-Сиге. Мекеме бул айтылгандарды бекемдеп, абактагы тамак-аш рацион боюнча сүрөттөрдү да тиркеди.
Мекеме абактагыларды тамак-аш менен камсыздоодо бузуулар болбогонун тактаганын айтып жатат.
"Мындан тышкары, Кылмыш-жаза аткаруу кодекси боюнча абактагы адамдар мыйзам талаптарына жооп берген посылкалар ала алат. Аскат Жетиген дагы бул укугун колдонуп жатат. Ага карата посылка алууда чектөөлөр болгон эмес. Социалдык баракчаларда Аскат Жетиген тое тамактанбай жана саламаттыгы канаттандырарлык эмес деген маалымат чындыкка туура келбейт",- дейт ЖАМК.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн булагы, Official
Күн мурун укук коргоочу Гүлшаир Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында абактагы Аскат Жетигендин түрмөдөгү абалы тууралуу пост жазып, 19-августта акын боштондукка чыгарын жарыялаган. Бирок ошону менен катар Аскат Жетигендин саламаттыгы начарлап жатканын, ал колдоого муктаж экенин да билдирген жана Жетигендин катын тиркеген. Анда:
"Негизинен абалым дурус болгону менен ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамактын аздыгынан же алсыздыктан. Сууктап, ичим жана башым көп ооручу болду" - делет ал кол менен жазылган катта.

Сүрөттүн булагы, Social media
ЖАМК бул маалыматты да четке кагып, Аскат Жетигендин саламаттыгы канаттандырарлык экенин айтууда. "Ал быйыл 2-мартта медициналык кароодон өткөрүлгөн, текшерүүнүн жүрүшүндө ал тарабынан эч кандай даттануулар түшкөн эмес".
Бийликти күч менен басып алууга айыпталып, абаккка кесилген акындын жактоочусу анын ишин кайра кароо суранычын келтирип келет. Социалдык желелерде сөгүнүп, бийликтин дарегине сын айткан акын, бийликти күч менен басып алууга айыпталып, үч жылга абакка кесилген.
Акын Аскат Жетиген Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жатат жана буга чейин анын жаза мөөнөтү быйыл аяктай турганы айтылган.
Ал коомчулукка ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын катары белгилүү. Ал 18 жаш курагында "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, чыгармачыл жамаат менен бирге дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө өнөр көрсөткөн.
































