Бангкокто барда чыккан өрттөн 27 адам каза болду

AFP via Getty Images

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Дүйшөмбүгө караган түнү Бангкоктогу белгилүү барда чыккан өрттүн кесепетинен кеминде 27 адам каза болгонун Таиланддын бийлиги билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, каза болгондордун тогузу эркек, 18и аял. 60тан ашык жабырлануучу ооруканага жеткирилди, алардын сегизинин абалы оор.

Ошондой эле айрым адамдардын дайынсыз болуп жатканы кабарланууда.

Королдуктун премьер-министри Анутхин Чанвиракун журналисттерге билдиргендей, өрттүн себеби такталууда.

Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан адамдардын күйүп жаткан имараттан чуркап чыгып жатканын, айрымдары кыйкырып, кээ бирлери жыгылып жатканын көрүүгө болот.

Өрт өчүрүүчүлөр жарым сааттын ичинде тилсиз жоону ооздуктоого жетишкени айтылат.

Өкмөт башчы өрт башталган маалда сахнада болгон музыканттан эмне болгонун сураганын айтып берди.

"Ал өрт электр щити турган тараптан башталып, андан кийин баары өтө тез болуп кеткенин айтты. От тутанып, баары сыртка чуркап чыгууга аракет кылышкан, - дейт Чанвиракун. - Көпчүлүгү имараттын арткы бөлүгүндө болгондуктан, чыга албай калышкан. Алар оттон жана түтүндөн жашынууга аракет кылып, дааратканага кирип кетишкен, биз сөөктөрдүн көбүн ошол жерден таптык".

Бар тай борборунун түндүгүндөгү Чатучак районунда жайгашкан.

Окуя болгон жерден тартылган кадрларга караганда, өрт өчүрүлгөндөн кийин бардын жанында каза болгондордун сөөгү салынган каптар көрүнгөн.

Имараттын ичиндеги дубалдар жана эмеректер толугу менен күйүп кеткен, шыптын бир бөлүгү урап түшкөн.

Бангкоктун губернатору Чадчарт Ситтипунт окуя болгон жерге барып, бардын интерьериндеги тез күйүүчү буюмдар өрттүн тез жайылышына өбөлгө түзгөнүн билдирди.

"Дасторкондорду жана башка товарларды саткан үстөлдөр өрт өчүрүүчү эшиктерди тосуп калгандыгы тууралуу алдын ала коркунучтуу маалыматтар бар", - деди ал Daily News басылмасына.

Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге түн ортосу ченде келишкен - болжолу, жергиликтүү айдоочулардын бири жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30да өрттү байкагандан кийин чакырылган. Ал адам Daily News басылмасына унаасынан секирип түшүп, адамдарга жардам берүү үчүн терезелерди талкалай баштаганын айтып берген.