Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев тууралуу: Анын тиешеси бар же жогун тергөө жана сот аныктайт

Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы саясий окуялар, парламенттеги депутаттардын мандаттарын тапшыруу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тегерегиндеги суроолорго "Кактус медиа" басылмасында орус тилинде жарыяланган маегинде жооп берди.

Президенттин айтымында, февраль айындагы окуялар, өзгөчө Жогорку Кеңешке жолдонгон "75 адамдын каты" боюнча маалымат ага алдын ала белгилүү болгон.

"Мен бир нече булактардан ар кандай маалыматтарды алып турам. "75 адамдын каты" деп аталган окуяга байланыштуу аракеттер башталганда эле менде маалымат бар болчу. Бул кайрылуунун Жогорку Кеңешке келип түшкөнүнөн тарта, анын төрагага жана тармактык комитеттердин төрагаларына чейинки кыймылын көзөмөлдөп турдум. Бул аралыкта мен документтин жүрүшү, ага тиешеси бар адамдардын аракеттери жана ким ким менен жолугуп жатканы тууралуу маалыматтарды алып жаттым. Маселе парламенттин пленардык жыйынына чыгарылар алдында мен тез жана чечкиндүү чараларды көрдүм. Кырдаал эң башынан эле көзөмөлдө болчу", - деди деди президент.

Акыркы убакта мандатын тапшырган депутаттар тууралуу сөз кылып, Жапаров муну "саясий интригалардын" ишке ашпай калганы менен байланыштырды. Анын пикиринде, айрым эл өкүлдөрү өздөрүнүн күнөөсүн сезип, мандаттарынан баш тартышкан.

"Ал эми мандатын тапшырган депутаттарга келсек, мурунку интервьюмда белгилегендей, Жогорку Кеңеште саясий интригаларды жүргүзүүгө аракет кылган белгилүү бир топ түзүлгөн. Алардын арам ойлору ишке ашпай калгандан кийин, окуяга тиешеси бар айрым депутаттар күнөөсүн сезип, ошол себептүү мандаттарын тапшырышты окшойт", - деген президент.

Маекте журналист УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул окуяларга катыштыгы тууралуу да сураган.

"Буга досуңуз Камчыбек Ташиевдин тиешеси барбы? Эгер бар болсо, эмне үчүн ал дагы деле эркиндикте жүрөт? Же Эльвира Сурабалдиева айткандай, сиз ага жумшактык кылып жатасызбы? Мыйзам баарына бирдей эмеспи? Же баары тең, бирок кээ бирөөлөр "теңирээкпи?" деген суроого Садыр Жапаров төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"Анын тиешеси бар же жоктугун тергөө жана сот аныктайт. Учурда иликтөө иштери бүтө элек. Ал аяктагандан кийин иш сотко өткөрүлөт. Ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экени тууралуу акыркы чечимди сот кабыл алат".

Учурда камакта жаткан Камчыбек Ташиевдин бир тууганы иниси, мурдагы депутат Шаирбек Ташиевдин тагдыры тууралуу суроого президент достук мамилелер чечимге таасир этпей турганын белгилеген. Президенттин айтымында, тергөө Шаирбек Ташиевдин "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схемага катыштыгы бар экенин аныктаган жана мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

"Бул сумма бюджетке толугу менен кайтарылгандан кийин гана аны бошотуу тууралуу сөз болушу мүмкүн. Колдо болгон маалыматтарга караганда, буга чейин кармалгандардын бардыгы ага каршы көрсөтмө беришкен жана ал өз күнөөсүн мойнуна алган. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Буга чейин УКМК жана ИИМ тарабынан кармалгандардын бардыгы зыяндын ордун толтуруп беришкен - зарыл болсо, атүгүл ашыгы менен төлөшкөн. Ошондон кийин гана алар бошотулган. Шаирбек Ташиев дагы ушундай кылышы керек: адегенде баарын кайтарып, андан кийин гана эркиндикке чыгышы абзел".

Адатта президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине гана маек берип келет. Ал акыркы 3-4 жылдан бери журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрө элек. Андыктан Жапаровдун президент катары "Кактус медиа" сыяктуу эркин медиаларга маек бергени сейрек көрүнүш. Буга чейин апрель айында Оштогу жумушчу сапарында эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаковго видео маек берген.

75 кишинин каты жана Камчыбек Ташиев

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын "мамлекеттик төңкөрүш даярдоо" аракети менен байланыштырган.

Депутаттын айтымында, президентти кызматтан кетирүү максатында төңкөрүш даярдалып жатканы тууралуу парламенттеги 90 депутаттын кабары болгон. Бул тууралуу пикирин ал казакстандык блогерге берген маегинде айткан: "Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, президентти кызматтан алабыз деп".

Ушундан кийин соцтармактарда Ташиевдин жоопкерчилик каралабы же жокпу деген талкуулар да күчөгөн. Президенттин маеги ушул талкуулар кызып турган учурда чыкты.

Талаш-талкуулар учурунда Сурабалдиеваны сындагандар да болду. Анын ичинде депутаттардын импичмент жарыялоо аракетинде эч кандай кылмыш жоктугун айткандар да бар.

"Эми минтип Сурабалдиева да мамлекеттик төңкөрүш тууралуу сүйлөп баштады. Бирок ал жерде тиги каттан жана импичмент тууралуу сөздөрдөн башка эмне бар? Импичмент - бул саясий күрөштүн мыйзамдуу жолу да. Президентти сындоону мамлекеттик төңкөрүшкө теңеп алышты эле, эми парламенттик импичментти да ошого кошуп жатышат" деп жазды белгилүү укук коргоочу Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына.

Ал эми саясатчы Мавлян Аскарбеков башкача пикирде.

"Басым болду же Сурабалдиевадан бирөө суранды дегенге мен кошулбайм. Сурабалдиева ичинде жүргөн, процесстин ичинде аралашып жүргөн депутат катары өз оюн ачык айтты... Эмне үчүн Сурабалдиева муну мамлекеттик төңкөрүш деп айтты, муну мен да айтып кеткем. Себеби, булар ошол импичментке такоо менен президентке басым жасап, ички интрига кылып туруп, президентти кызматтан кетирүү аракети болгон. Башкача айтканда бул мамлекеттик төңкөрүш", - деди Мавлян Аскарбеков.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.

Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.

Анткени кат жарыялангандан бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Камчыбек Ташиев акыркы саясий окуялар боюнча комментарий бере элек. Болгону 20-мартта Айт намаздан кийинки сөзүндө каралоо жүрүп жатканын билдирген.