You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"15 мүнөттүк шаар" Министрлер Кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти
Министрлер Кабинети Бишкектин 25 жылдык дымактуу планын карап, талкуулаган соң бекитти. Бул тууралуу маалымат Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.
Бул документте 2025-жылдан 2050-жылга чейинки аралыкта шаардын өнүгүү багыттары көрсөтүлгөн. Анда шаар кандай нукта өнүгүшү керектиги, кайсы аймактарда жаңы курулуштар жүрөрү, жол-транспорт инфраструктурасын кандайча өзгөртүп, жашыл аймактардын санын кантип көбөйтүү керек экени тууралуу маселелер камтылган.
Документ Санкт-Петербург шаарындагы илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыкты. 2025-жылдын октябрында коомдук талкууга чыгарылып, шаар тургундарынын сыноосунан да өткөн.
Долбоордо шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыты катары децентрализацияга басым жасалган экен. Тагыраагы, Бишкекте бардык инфраструктурасы бар бир нече чакан борборлорду же райондорду түзүү каралган.
"Башкы план шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөйт. Биз "15 мүнөттүк шаар" деген принципти киргизип жатабыз. Бул деген шаар тургуну үйүнөн 15 мүнөттүн ичинде унаасы жок эле мектепке, бала бакчага же жумушка жетиши керек дегенди билдирет. Мисалы, азыр Ленин районунун борбору катары Орокто курулуп жаткан стадиондун айланасы каралууда. Биринчи май, Октябрь жана башка райондордо да өз-өзүнчө борборлор аныкталат, жашоо-турмушка ылайыктуу керектүү шарттар түзүлөт. Ал жерлерде мектеп, бала бакча эле эмес, соода түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлар, коворкинг жана кеңсе имараттары да курулат",- деген эле өткөн жылы Би-Би-Сиге берген маегинде Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров.
Башкы планда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында бир гана унаа жолдорун жакшыртуу эмес, трамвай каттамдарын да киргизүү каралган.
"Трамвай бир эле шаар ичиндеги эмес, Бишкекке жакын шаарларды байланыштырган транспорт болот деген ой бар. Ошондой эле тыгынды азайтып, жолдорду жакшыртуу үчүн айрылыштар (развязкалар) жана шакекче ыкмасындагы маршруттар сунушталууда. Белгилей кетчү жагдай, трамвай десе эле эл эски, жай жүрүүчү транспортту элестетпеши керек. Азыркы заманбап трамвайлар тез жана ыңгайлуу. Ал эми метро сыяктуу жер асты менен жүрүүчү транспорт системасы азырынча карала элек",- деген Азамат Кадыров.
Генпланда экология маселеси да өзүнчө каралган. Ошондой эле жашылдандырууну көбөйтүү боюнча бекитилген нормалар бар. Бул документте шаар куруу гана эмес, экология, жол инфраструктурасы жана социалдык объектилер бирдиктүү каралган.