Эверестте эки тик учак кагышып кетти
Эверестте эки тик учак кагышып кетти
Published
Эвересттин базалык лагерине жакын жерде эки тик учак кагышып кетти. Алар конгону жатканда роторлору бири-бирине тийип кеткен. Кырсыктан улам индиялык туристтин каза болгону кабарланды. Дагы бир турист жана учкуч жаракат алып, Катмандудагы ооруканага жеткирилди.



