Мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты

Сүрөттүн булагы, Official
Экс-депутаты, мурдагы башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Абдылдаев1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келген.
1971–1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
1986–1988-жылдары Москва шаарындагы СССР Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Анын саясий карьерасы 1990–1991-жылдары башталган. Бул жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1991-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган.
1994–1997-жылдары Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.1997–2001-жылдары ИИМдин биринчи орун басары болгон.
2001–2002-жылдары Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана ошол эле учурда Президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген.
2002–2005-жылдары Башкы прокурор, ошондой эле Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кызматтарында болгон. 2005–2007-жылдары Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп иштеген. 2010–2012-жылдары "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, кийин V чакырылыштын вице-спикери болгон.
2012–2014-жылдары "Ата-Журт" фракциясынын лидери кызматын аркалаган. 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2020-жылдын 6-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган, бирок көп өтпөй өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген. Жасаган эмгектери үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.



























