Австралия: өркөчтүү жаш кит куткарылды

Австралия: өркөчтүү жаш кит куткарылды

Австралиянын Форстер аймагында тайыз сууга чыгып калган өркөчтүү кит бир нече күнгө созулган куткаруу иштеринен кийин океанга кое берилди. Өркөчтүү жаш кит он тоннанын тегерегинде болушу мүмкүн.

Өркөчтүү киттер дүйнөдөгү бардык океанды байырлайт. Алар жыл сайын өтө чоң аралыкты сүзүп өтүшөт. Бул сүт эмүүчүлөр түркүмүндөгү эң узак миграция жасаган жаныбарлар. Жупташуу үчүн тропикалык аймактарга сүзүп барса, балдарын чоңойтуу, азыктануу үчүн муздак сууларга көчүшөт.