Кош нике үчүн жазаны жеңилдетүү аракети жүрүп жатабы?

Кош нике үчүн жазаны жеңилдетүү аракети жүрүп жатабы?

Бишкекте көп аялдуулук үчүн жазаны жумшартууну демилгелеген топ кол топтоп жатат. Алар тиешелүү колдоо болсо, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүүнү пландашууда.

Кыргызстан кош никеге тыюу салган светтик өлкө. Кылмыш-жаза кодесине ылайык, бир үйдө бир нече аял менен жашаган эркек 100 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Бирок жоопкерчиликке тартылгандар дээрлик жокко эсе.