You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Харьковдо ракета чабуулунан беш адам набыт болду
Бүгүн, 4-май күнү эртең менен орус аскерлери Украинанын Харьков районундагы Мерефа шаарына ракеталык сокку урду.
Алдын ала маалыматка караганда, үч аял жана эки эркек каза болуп, дагы 19 адам жаракат алган же катуу стресс абалына туш болгон.
Чабуулдун кесепетинен турак үйлөр, чарба имараттары, дүкөндөр, автоунаа тейлөө жайлары жана транспорт каражаттары жабыркаган.
Харьков облустук прокуратурасы билдиргендей, сокку "Искандер" үлгүсүндөгү баллистикалык ракета жардамы менен жасалганы аныкталган.
Облустун аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов 74, 41 жана 52 жаштагы үч аял, ошондой эле 50 жана 63 жаштагы эки эркек киши каза болгонун ырастады. Анын айтымында, дагы төрт адам оор абалда ооруканага жаткырылды.
Украинанын Ички иштер министрлиги ракеталык соккунун кесепетинен жеке турак үй жана жеңил автоунаа өрттөнгөнүн, дагы эки автоунаа, жеке жана көп батирлүү үйлөр, дүкөндөр жана автоунаа тейлөө станциясы жабыркаганын билдирген.
Орусиялык аскерлер Мерефа шаарына жасалган сокку боюнча комментарий бере элек.