You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кызыл аянттагы парад биринчи жолу аскердик техникасыз өтөт
9-майда Москванын Кызыл аянтында өтчү парадда аскердик техниканын колонналары жана аскер курсанттары болбойт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Парадга бардык түрдөгү жогорку аскердик окуу жайлардын жана айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери жөө колоннанын курамында катышат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Анткен менен, бул жылы "аскердик техниканын колоннасы" парадга катышпайт, деп билдирди Коргоо министрлиги. Буга учурдагы ыкчам кырдаал себеп болгону айтылганы менен, министрлик парадды өткөрүү пландарына эмнелер таасир эткенин тактаган жок.
"Суворов жана Нахимов окуу жайларынын жана кадеттик корпустардын окуучулары да Кызыл аянттагы парадга катышпайт", деп билдирди Коргоо министрлиги.
Орусия 2022-жылы Украинага бастырып киргенден бери биринчи жолу 9-майда Кызыл аянттагы парадга аскердик техника катышпайт.
Коргоо министрлигинин ушул эле билдирүүсүндө айтылгандай, параддын авиациялык бөлүгү пландалууда. "Параддын авиациялык бөлүгүнүн жүрүшүндө Кызыл аянттын үстүнөн орусиялык пилотаждык авиациялык топтордун учактары учат, ал эми параддын аягында Су-25 чабуулчу учактарынын учкучтары Москванын асманын Орусия Федерациясынын желегинин түстөрүнө боёшот", — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Акыркы жылдары мезгил-мезгили менен параддын авиациялык бөлүгү аба ырайына байланыштуу токтотулуп келген. Бирок, парадга катышкан күндө деле учактардын саны Коргоо министрлиги 2026-жылга жарыялагандан алда канча көп болгон.
"Даярдыктын белгилери байкалбайт"
"2026-жылдагы параддын форматы коопсуздук максатында өзгөртүлөт" деген алгачкы маалыматтар Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө бир нече күн калганда социалдык тармактарда пайда болгон.
27-апрелде саясат таануучу Екатерина Шульман жана публицист Александра Прокопенко (экөө тең Орусияда "чет өлкөлүк агенттердин" реестрине киргизилген) өз булактарына шилтеме жасап, бул жолу парадда аскердик техника болбой турганын жазышкан. Алардын маалыматы боюнча, параддын узактыгы жана коноктордун саны да кыскартылат. Алардын ырасташынча, аскердик техникадан баш тартууга дрондордун ыктымал чабуулу себеп болгон.
Ошондой эле параддын сценарийи өзгөргөнү жөнүндө социалдык тармактарда орусиялык блогерлер да жазып чыгышты. Алар адатта 9-майдын алдында Москванын көчөлөрү жабыларын, бийлик шаардыктарга жолдор жабылары тууралуу алдын ала эскертип келгенин, бирок бул жолу мындай даярдыктар байкалбаганын жазышууда. Быйыл даярдануу үчүн жабылчу көчөлөрдүн картасы адаттагыдан кечирээк, 28-апрелде жарыяланды: ага ылайык, биринчи репетиция 29-апрелде өттү, экинчиси 4-майда болот.
2026-жылдын мартында Кремль парадга журналисттерди аккредитациялоо башталганын жарыялап, 7-майда негизги даярдыктар болорун билдирген.
28-апрелде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада 9-майда парад болорун айтып, бирок аскердик техниканын колонналары өтпөй турганы боюнча маалыматка комментарий берген жок. "Парад өтөт. Парадды өткөрүүнүн форматы тууралуу өз убагында кабарлайбыз", - деди ал.
Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан бери Орусиянын бийлиги 9-майда өтчү параддарды кыскарта баштаган. Бул өзгөчө 2023-2024-жылдары байкалган. Бул жылдары параддарга адаттагыдан кыйла аз техника катышкан.
2025-жылы гана Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканда Кремль параддарды мурдагыдай масштабда өткөрүүгө аракет кылган. Ошондо Кызыл аянтка жаңы техникалар, анын ичинде Орусия Украинага каршы согушта жигердүү колдонуп жаткан "Герань" дрондору чыгарылган.
Аймактардагы параддар
Би-Би-Синин Орус кызматы ачык булактардан тапкан маалыматка караганда, 9-майда Орусиянын бери дегенде 40 шаарында параддар кадыресе форматта өтөт.
Ошол эле маалда бир топ шаарларда параддар аскердик техникасыз өтөт же алар чектелүү санда гана болмокчу (мисалы, Екатеринбургда, Иркутскиде, Мурманскиде, Владимирде, Красноярскиде ж.б.).
Майрамдык салюттар бери дегенде 8-10 аймакта жана Ставрополь, Томск, Уфа, Ижевск жана Якутск сыяктуу шаарларда токтотулду.
Дрондордун тынымсыз чабуулуна кабылып келген чек арага жакын аймактарга кыйла катаал чектөөлөр киргизилди. Мисалы, Курск жана Белгород облустарында парад да, фейерверк да болбойт. Дрондор көп келбеген, чек арадан алысыраак облустарда, мисалы, Калуга облусунда майрамдык иш-чаралар Малоярославец жана Козельск сыяктуу чакан шаарларда гана өтөт.
9-майда өтүп келген дагы бир салттуу иш-чара – "Өлбөс полк" жүрүшү. Жүрүштүн да бирдиктүү форматы жок: кээ бир шаарларда (мисалы, Новосибирск, Казань, Пермь) жүрүш кадимкидей өтөт, ал эми Воронеж менен Улан-Удэ сыяктуу башка шаарларда акция токтотулду же онлайн режиминде өтөт.
Май айында айрым шаарларда жапырт акциялар жана жүрүштөр пландалууда, мисалы, Орлов облусунда бийлик 1-майдын урматына майрамдык демонстрация өтөрүн жарыялады.
9-майдагы параддын Кремль үчүн мааниси
Биринчи кезекте Москвада өткөн Жеңиш параддары орус бийлиги үчүн бир нече себептерден улам маанилүү.
Кызыл аянттагы парад – Орусиянын азыркы орус идеологиясындагы негизги салтанаттуу окуя, ал Улуу Ата Мекендик согуштагы тарыхый Жеңиштин айланасында улуттун биримдигине негизделген.
Экинчиден, парад Орусиянын аскердик кубатын даңазалоо максатында өткөрүлүп келет. Буга чейин 9-майдагы параддарда салттуу түрдө Орусиянын аскер-өнөр жай комплексинин жаңы техникасы көрсөтүлчү.
Мисалы, 2015-жыл парадда "Армата" Т-14 танкы, "Коалиция" САУ, "Курганец" жана "Бумеранг" БПМ көрсөтүлгөн. Андан кийинки жылдары параддарда жаңы техника азыраак болгон, бирок мүмкүн болушунча парадга жаңы техниканы чыгарууга аракет кылып келишкен.
Үчүнчүдөн, парадга адатта чет элдик коноктор катышат, Кремлдин баамында, бул Орусияга эл аралык колдоону тастыктаган учур. 2015-жылы жана 2025-жылы – Жеңиштин мааракелеринде – бир топ мамлекеттер менен мамиле сууп калганына карабастан, Москвага көптөгөн чет элдик лидерлер, мисалы, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келген.
Парад маалында Владимир Путин салттуу түрдө сөз сүйлөп, Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коет.
Москвадагы параддар эмне үчүн жана кантип өзгөрүүдө?
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин Москвадагы параддардын жупуну өтүп калганын бир нече жагдайлар менен түшүндүрүүгө болот.
Биринчиден, аскердик техника тартыш болууда. Көптөгөн аскер эксперттери белгилегендей, танктар жана дүрмөттөлгөн машинелер фронтто колдонулуп жатат, аларды Москвага алып келүү оңой эмес.
Экинчиден, 2022-жылы орусиячыл блогерлер социалдык тармактарда согушка жибербеген техниканын үлгүлөрүн Кызыл аянтта көрсөтүп жатканы үчүн Коргоо министрлигин сындап чыгышкан.
Чындап эле ушундай: салттуу түрдө параддарга катышып келаткан айрым системалар массалык түрдө чыгарылбайт жана армияга жөнөтүлбөйт.
Сүрөттө: 2022-жылы Кызыл аянттагы Жеңиш парадында "Армата" танкы
Акыркы айларда украин армиясы Орусиянын аймактарына, анын ичинде фронттун линиясынан алыс орун алган райондорго дрондордун чабуулун күчөттү. Украина алыскы аралыкка жетиши үчүн дрондорун улам өркүндөтүп жатат.
Социалдык тармактарда ушул жылы парад өтпөй калышы ыктымал деген талкуу жүрүп жаткан маалда Украинанын Президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Ютубдагы Breakfast Show каналында украин аскерлери гуманитардык себептерден улам Москвадагы Жеңиш парадына чабуул койбой турганын, себеби ал жерде карапайым эл көп болорун айтты.
Украинанын жетекчилиги бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Москва – Орусиядагы эң корголгон шаарлардын бири, ошондуктан дрондор, эреже катары, борбордун четинде эле атып түшүрүлөт (бирок 2023-жылдын май айындагы параддын алдында Кремлдин Сенат аянтында эки дрон жарылган, Киев чабуулга тиешеси жоктугун билдирген). Ал эми 9-майда шаарды абадан коргоо кыйла күчөтүлөт. Бирок чындап эле кол салуу ишке ашса, шаарды көздөй дрондор келатат деген фактынын өзү параддын жалпы маанайын бузуп коюшу ыктымал. (ZMa)