Ким Чен Ын украин күчтөрүнүн колуна түшпөө үчүн «өзүн-өзү жардырган» аскерлерин мактады

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ким Чен Ын Орусия тарапта Украинага каршы согушуп жатып, өзүн-өзү жардырып жиберген түндүккореялык аскерлерди мактады. Ал бул билдирүүсү менен согуш талаасында көптөн бери байкалып жаткан көрүнүштү ырастады.

Түндүк Кореянын лидери бул аптадагы сөзүндө «улуу намысты коргоо үчүн өзүн-өзү жардырууну, өз жанын кыюуну эч тартынбастан тандагандарды» «баатырлар» деп атады.

Түштүк Кореянын эсебине ылайык, кеминде 15 000 түндүккореялык жоокер Орусияга украин күчтөрүн Курск аймагынан сүрүп чыгарууга жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн. Алардын 6000ден ашыгы каза тапканы кабарланып келет. Бул сандарды Пхеньян да, Москва да ырастай элек.

Чалгын кызматтары жана качкын аскерлер Түндүк Корея өз жоокерлерине Украинанын күчтөрүнүн колуна түшпөстөн, өз жанын кыюу тууралуу буйрук бергенин айтып келишет.

«Алардын эч кандай кенемтени күтпөстөн өзүн курмандыкка чалганы жана эч кандай сыйлыкты күтпөгөн берилгендиги… Бул биздин армиянын лоялдуулугунун эң жогорку аныктамасы», — деп Ким Чен Ындын дүйшөмбү күнү Пхеньянда курман болгон аскерлерге арналган мемориалды ачып жатып айтканын мамлекеттик KCNA агенттиги билдирди.

Иш-чарага катышкандардын арасында Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов жана Орусия парламентинин төрагасы Вячеслав Володин да болгон.

Түндүк Кореяда аскерлерди туткунга түшүү чыккынчылыкка барабар деп үйрөтүшөт.

Быйыл жыл башында Түштүк Кореянын MBC телеканалы Украинадагы эки түндүккореялык согуш туткуну катышкан берүүнү көрсөткөн. Алардын бири өз жанын кыйбаганына өкүнөрүн камера алдында айткан.

«Башкалардын баары өздөрүн жардырып жиберишти. Мен муну аткара алган жокмун», — деген ал туткун.

Сеулдун Улуттук чалгын кызматы өткөн жылы каза болгон түндүккореялык аскерлердин жанынан мындай өтө ашкере практиканы ишарат кылган жазуулар табылганын билдирген.

Дүйшөмбү күнкү сөзүндө Ким согушта курман болгондорду да мактаган.

«Чабуулдардын алдыңкы сабында курман болгондорду жана ок менен снаряддан кийинки денесиндеги жарааттын азабынан эмес, берилген буйруктарды аткара албаганына нааразы болуп жан берген аскерлерди да партиянын ишенимдүү жоокерлери жана патриоттору деп атоого болот», — деген Ким.

2024-жылдын июнунда Орусиянын президенти Путин менен Ким эки өлкөнүн бирине «агрессия» жасалган учурда бири-бирине жардам көрсөтүүнү убада кылган келишимге кол коюшкан. Ал кезде Ким аны «тарыхтагы эң күчтүү» макулдашуу деп атаган.

Аскерлерди жөнөтүүдөн тышкары Түндүк Корея Курск аймагын калыбына келтирүү иштерине жардам берүү үчүн миңдеген жумушчуларды Орусияга жөнөтүүнү да убада кылган.