"Русофобия жана антисоветизм гүлдөп жатат". Мамдумада кыргыз-орус алакасы тууралуу талкуу жараткан келишим

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
21-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргызстандагы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы кампусун куруу тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин ратификациялашты.
Документти талкуулоо учурунда депутат Михаил Матвеев Кыргызстандагы орусча аталыштагы конуштардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүлүп жаткандыгын айтып, мындай келишимдерди түзүүдө кыргыз тараптын Орусияга лоялдуулугун кепилдей турган шарттарды бекитүү мүмкүнбү деп сурады.
"14-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ош облусунда сүйлөп жатып, өлкөдөгү айылдардын орусча аталыштарын өзгөртүүнү пландап жатканын, бул иш келерки жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирди. 15 конуштун, Бишкектеги Горький, Толстой, Гоголь, Фрунзе, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн аттары өзгөртүлдү. Согушуп жаткан өлкө Кыргызстанга 15 миллиард рубль берип жатат. Мындай келишимдерге бизди бул республикаларда гүлдөп жаткан русофобия жана антисоветизмден коргой турган бир шарттарды киргизүүгө болобу?"
Өкмөттүн өкүлү Анастасия Бондаренко депутатка жооп берип жатып, Орусиянын тышкы саясатынын багыты президент Владимир Путин тарабынан бекитилгенин эскертти. Буга кошумча ал Славян университети сыяктуу демилгелер Кыргызстанда орусиячыл көз караштарды жайылтууга жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
"Биз тышкы саясаттагы ишмердүүлүк стратегияларына ылайык социалдык-гуманитардык кызматташуунун алкагында өзүбүздүн салттуу баалуулуктарыбызды, орусиячыл көз караштарды бекемдөөгө жана жайылтууга, көптөгөн окуялардын тарыхый элесин түбөлүккө калтырууга аракет кылып жатабыз. Мындай университеттер буга өбөлгө түзөт деген ойду карманабыз. Эгер бул багыттагы кызматташтыкты токтото турган болсок, анда бул президентибиз белгилеп кеткен тышкы саясаттагы улуттук максаттарыбызга дал келбей калат".

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Өкмөттүн өкүлүн депутат Константин Затулин да колдоду.
"Gallup уюмунун эки ай мурун өткөргөн сурамжылоосунун жыйынтыктарына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Gallup биздин социологиялык кызматыбыз эмес. Алар бул иликтөөнү Борбордук Европада, Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө жүргүзүптүр. Кыргызстанда Орусияга болгон позитивдүү мамиле 70% түзөт, ал эми Украинага болсо 12%. Коңшу Казакстанда Россияга 30%, Украинага 20%. Мунун себеби эмнеде экенин билесизби? Анткени биздеги мигрантофобияга карабастан Кыргызстан дагы деле өз келечегин Москва менен байланыштырат. Тилекке каршы, көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде сиздин оюңузга келбеген өлкөлөрдө да аталыштарды (топонимдер) өзгөртүп жатышат. Бул алардын өзүнүн ички укугу. Биз буга өкүнүчүбүздү гана билдире алабыз. Кыргыз-орус университети сыяктуу демилгелер аркылуу биз бул процессти жайлатып жатабыз. Ал эми "Эч кимге эч нерсе бербейбиз" деген сөздөр менен биз бул процессти тездетип гана алабыз", - деди Константин Затулин.
Затулин мындан мурда казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан Украинанын Орусия басып алган Луганск жана Донецк аймактарын орус территориялары катары тааныбайт дегенине жооп берип жатып, Казакстан "Украинадай болуудан" абайлап жүрүшүн эскерткени менен да белгилүү.
Ошондой эле орус депутаттары окуу жайга эмнеге Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельциндин аты берилгенин сурап, ал кишинин ишмердүүлүгүнөн Орусиянын элине, кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө эч кандай пайда болгон эмес деп айтып чыгышты. Алар университеттин атын өзгөртүүнү сунуш кылышты.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саясий эксперт Руслан Акматбек Матвеевдин билдирүүсү Орусиянын Кыргызстанга карата көз карашын жакшы чагылдырган мисал болду деген пикирде.
"Биз Кремлди канчалык саясий, стратегиялык өнөктөш деп төш какканыбызга карабай, биздин андай эмес экендигибизди көрсөтүп жатат. Жадагалса биз өзүбүздүн позициябызды жеткире албаганыбыздын эң көрүнүктүү далили. Биз аларды канчалык бизге жакын деп эсептесек да, алар биздин өлкөбүздү таасир күч мейкиндиги катары гана сыпаттаганын дагы бир ирет жакшы көрсөтүп кетишти, себеби стратегиялык өнөктөш эч качан өзүнүн өнөктөшүнүн ички ишине кийлигишип, буйрук бергендей, жектеп, сөөмөй кезебейт. Алар баягы эле шовинисттик көз караштарды кармануусун уланууда", - деди.
Руслан Акматбек ошондой эле Кыргызстандагы тил маселесине дыкат көңүл бурган орус бийлиги жакында Канттагы орусиялык базанын аскерлеринин Ысык-Көлдөгү машыгуусу учурунда Сары-Камышта түшүп калган эки окуу-машыгуу бомбасы тууралуу үн катпаганын эске салды.
Эксперттин айтымында, Орусиянын Украинадагы согуштан улам экономикалык таңкыстыкка карабастан кампус долбооруна каражат берип жатканы Орусиянын изолияцияга кабылганын, өнөктөштөрү аз калганын көрсөтөт.
Ал Армения, Азербайжандагы окуялар Орусиянын пост-советтик өлкөлөргө таасири да азайып жатканын билдирет деп эсептейт. Руслан Акматбек ошондуктан орус бийлиги мүмкүн болушунча ээлеген позицияларын коргоп калууга, таасир күчүн сактап калууга аракеттенип жатканын айтат.
"Бизге ошончо акча берип жатат деп өтө эле кубана бербешибиз керек, анткени алар бизди өнөктөш катары көрбөйт. Эртең-бүрсүгүнү булар ошол инвестициясын коргоп чыгып бизге эмнени кандай кыларын көрсөткөнгө себеп пайда болуп калат. Ошондуктан биз мындай нерселерге мүмкүн болушунча аяр мамиле кылышыбыз керек", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, КОСУ
КОСУнун жаңы кампусу Бишкектин четинде Байтик айылынын тегерегинде курулат. Анын ачылышы 2030-жылга мерчемделүүдө.
Орусия кампус долбоорун даярдап, куруп жана материалдык-техникалык жактан камсыздайт. Бул максаттарга болжол менен 15 млрд рубль бөлүнөт.
Кыргыз тарап болсо 30 гектарга жакын жер тилкесин берип, аны университетке акысыз негизде мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берет, ошондой эле жер тилкесинин чек арасына чейин инфраструктура курууга милдеттеме алат.
Жаңы кампусту куруу боюнча келишимине 2025-жылдын ноябрь айында кол коюлган. 2026-жылдын 18-мартында документ Жогорку Кеңеште ратификацияланып, андан соң президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген.
Жаңы кампус студенттердин санын дээрлик эки эсеге - 15 миң адамга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.




























