Путинден саат сураган блогерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды
Путинден саат сураган блогерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды
Учурунда (2019-жылы) Путинден белекке саат сураган блогер жана альпинист Илим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды.
Карыпбековдун айтымында, ал жакында Москвага учуп барганда орус күч органдарынын кызматкерлери аба майдандан эле кармап бир нече сааттык суракка алган, бирок кийин кое беришкен. 2-3 күндөн соң Москвадан учуп кетип жатканда бул окуя кайталанып, блогерди жагымсыз сюрприз күтүп жаткан.



