"75чилердин иши": Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылардын соту ачык өтө турган болду

апа
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту "75чилердин иши" деп аталган чуулгандуу кылмыш иши боюнча соттук отурумдарды ачык тартипте өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге адвокат Акынбек Ногоев билдирди.

Соттун жүрүшүндө адвокат Чынара Жакыпбекова кылмыш ишинен "купуялык" грифин алып салуу жана сотту ачык өткөрүү боюнча өтүнүч келтирген.

Сот коргоо тараптын бул жүйөлөрүн карап, өтүнүчтү канааттандырды.

Иш боюнча кийинки отурум 15-июнда өтөт.

Буга чейин сот жактоочулардын ишти ачык карап чыгуу өтүнүчүн четке каккан болчу.

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт. Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда.