"Орус тилин колдоого көңүл бурулганы үчүн ыраазыбыз"
"Орус тилин колдоого көңүл бурулганы үчүн ыраазыбыз"
Published
Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушту.
Президенттин маалымат кызматы тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана гуманитардык тармактардагы маселелерди талкуулаганын билдирди.
Кремлдин сайтында орус президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин колдоого көңүл бурулганы үчүн ыраазычылык билдиргени жазылды.



