Сулайман-Тоого байланыштуу талкуу: Акаев менен Түлеев билдирүү жасады

Акаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу айткан сөзүнө кайрадан түшүндүрмө берди. Ал тоонун аймагында башаламан соода түйүндөрүнүн, кафе-ресторандардын жана башка курулуштардын салынышына жол берилбей турганын айтты.

"Сулайман-Тоодо бирөө жарым соода түйүндөрүн көбөйтүп, башаламан соода кылып же кафе-ресторан ачам деген сунуш болсо, биринчи кезекте мен каршы чыгам. Парламентте депутат болуп турганда, адашпасам, Сулайман-Тоонун түбүнө бирөө кафе куруп, мен парламентте көтөрүп, ЮНЕСКОнун талаптарына жооп бербейт деп, алдырганбыз. Бирок дайыма эле чектөө болбошу керек. Биз алдыга карап да жылышыбыз керек. Мен буфердик аймакты айтпай эле койоюн. Сулайман-Тоонун түбүндөгү кол өнөрчүлөр айылында дубалы бузулуп калса, кайра тикелей албаса... Веложолдорду куруп, көрктөндүрсөк, келген туристтерге, конокторго деле жакшы го. Ал жерде бир дагы курулуш болбойт. Ошону оңдоп берели дегендин эмнеси жаман мисалы. Мен жакшы ой менен, жакшы ниет менен, заманбап кылып, оңдоп койолу деген ойду айтып келе жатам башынан эле. Ал эми башаламан курулуштарга эч ким жол бербейт", - деди Акаев.

Анын сөзүнө караганда, Сулайман-Тоого асма жол, көпүрөлөр салынып, анын айланасында соода-сатык жана башаламан курулуш көбөйөт дегенге эч кандай негиз жок.

"Сулайман-Тоого чын эле асма жол, көпүрөлөр курулуп, ал жерде соода-сатык, башаламан болот десе, анда сиздерде кабатыр болгонго негиз болмок. Анын баарын жасатып коюп, биз кантип карап отурмак элек?" - деди мэр.

Мэр жакынкы күндөрү ЮНЕСКОнун өкүлдөрү жана Маданият министрлиги менен биргеликте Сулайман-Тоого байланыштуу маселелерди талкуулоону пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, ЮНЕСКОнун талаптарын сактоо менен, кандайдыр бир курулуштарды салбастан эле шаар тургундарына жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүүгө болот.

"Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгарбаган күндө да биз тоону көрктөндүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз жакынкы күндөрү ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, маданият министрлиги менен бир столго отуруп ЮНЕСКОнун талаптарын сактап, алар менен макулдашып эч кандай курулушу жок эле шаардыктарга, меймандарга шарт түзүп беребиз деп ойлойм. Сулайман-Тоонун тагдырына кабатыр болбоңуздар".

Талаш эмнеден чыкты?

Буга чейин Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан.

Анын билдиришинче, Сулайман-Тоонун айланасын оңдоп-түзөө жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча айрым долбоорлор ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу ишке ашпай жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акаев буга мисал катары ишкер Нариман Түлеев Сулайман парк менен Сулайман-Тоонун чокусун байланыштыра турган аркан жол долбоорун сунуштаганын келтирген.

Ал Маданият министрлигине ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгуу маселесин карап көрүү тууралуу оюн оозеки айтканын билдирген.

24-августта "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Акаев бул анын жеке пикири гана болгонун билдирген.

"Бул Министрлер кабинетинин же "Ынтымак ордонун" позициясы эмес. Мен көз карандысыз журналистке интервью берип жатып, мэр катары оюмду айттым", - деген ал.

Мэр ошондой эле коомчулуктун сынын уккандан кийин бул маселеге башкача көз караш менен карап жатканын билдирген. Анын айтымында, Министрлер кабинети да Сулайман-Тоого байланыштуу шашылыш чечим кабыл албоону эскерткен.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси буга чейин билдирүү таратып, тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо - Ыйык Тоо" номинациясы менен киргизилгенин эске салган.

Музейдин маалыматына ылайык, Сулайман-Тоо Кыргызстандын "Стратегиялык объектилер жөнүндө" мыйзамына ылайык "В" категориясындагы объект болуп саналат жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча мыйзамдар менен корголот.

Комплекстин маалыматына караганда, Сулайман-Тоого жылына 350 миңден ашуун адам зыярат кылат.

Музей тарыхый жана жаратылыш келбетин сактоо максатында тоого зыян келтире турган курулуштарга жол берилбеши керектигин билдирген. Ошондой эле анын аймагында аркан жол курууга да жол берилбей турганын айткан.

Музей комплекси Сулайман-Тоону "табигый жана тарыхый турпаты менен гана сактоо керек" деген позициясын билдирип, ашыкча курулуштарга мыйзамдагы нормаларга ылайык уруксат берилбей турганын айткан.

Нариман Түлеев: долбоор сунушталган эмес

Ал арада ишкер Нариман Түлеев Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча долбоор тууралуу маалыматтарды четке какты.

Анын айтымында, бул тема тарыхый контекстте жана жеке сүйлөшүүдө гана козголгон. Түлеев Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча эч кандай юридикалык же техникалык долбоор сунуштабаганын билдирди.

"Бул маселе тарыхый контекст жана жеке сүйлөшүүнүн предмети катары гана козголгон. Мен тараптан Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча эч кандай юридикалык же техникалык долбоор сунушталган эмес. Демек, бул маселе боюнча ЮНЕСКОго эч кандай кайрылуу, документ же демилге жөнөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу "долбоор ЮНЕСКОнун талаптарына жооп берген эмес жана ошол себептен ишке ашкан эмес" деген билдирүүлөрдүн эч кандай негизи жок. Ошондой эле Сулайман-Тоонун ЮНЕСКодогу статусуна байланыштуу мэр тарабынан айтылган пикирлерге же сунуштарга менин тиешем жок. Бул анын өз алдынча айткан жеке позициясы. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын жеке сүйлөшүүлөрдү контексттен бөлүп алып, коомчулукту адаштырган такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырам", - деди Түлеев.

"Сулайман-Тоону коргоо - Мекенди коргоого барабар"

Мурдагы маданият министри, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев да бул талкууга байланыштуу пикирин билдирди.

Ал Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн иштегендердин бири болгонун айтып, бул маселе ал үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Раевдин пикиринде, Сулайман-Тоонун дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы маанилүү маданий жетишкендиктердин бири.

Ал "Сулайман-Тоо — Ыйык Тоо" номинациясы дүйнөдө сейрек кездешерин айтып, объектти коргоо зарылдыгын белгиледи.

"Бир сөз менен айтканда "Сулайман Тоо - Ыйык Тоону" коргоо Мекенди коргоого барабар парз экенин түшүнө турган да, баалай турган да замандабыз", - деди Султан Раев.

Сулайман-Тоонун буфердик аймагы

Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Анын аймагы эки деңгээлдеги коргоо зонасы менен курчалган.

Корук аймагы тоонун айланасындагы Курманжан-Датка, Навои жана Гапар Айтиев көчөлөрү менен чектелген жана 134,7 гектарды түзөт.

Мындан тышкары, беш миң гектарга жакын жерди камтыган буфердик аймак бар. Ал Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн бир бөлүгүн жана Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн айрым аймактарын камтыйт.

2025-жылы Министрлер кабинетинин алдында Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнү айтылган. Анын курамына музейдин жетекчилиги, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, тарыхчылар жана археологдор кирген.

Комиссия буфердик аймакты кыскартуу боюнча сунуш даярдап, аны ЮНЕСКОго жөнөтүшү керек болгон. Бирок анын ишинин жыйынтыгы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Ал кезде Ош шаарын Жеңишбек Токторбаев жетектеп турган.