Трамп Иран менен согушуу үчүн Конгресстин макулдугунун кереги жок экенин айтты

Трамп

Сүрөттүн булагы, AUL LOEB / AFP via Getty Images

Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен болгон ок атышууну токтотуу келишиминин негизинде, 60 күндүн ичинде Конгресстен уруксат алуу талабын аткаруунун кажети жок экенин билдирди. Бул 60 күндүк мөөнөт 1-майда аяктаган.

Мыйзам боюнча, АКШнын президенти мыйзам чыгаруучуларга аскердик аракеттер жөнүндө кабарлагандан кийин 60 күндүн ичинде Конгресстин макулдугун алышы керек.

Бирок, Конгресстин лидерлерине жазган катында Трамп бул согуштук ыйгарым укуктар мыйзамын аткаруунун кажети жок экенин, анткени өткөн айда Иран менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишими мындай милдеттенмелерди аткарууну токтотконун билдирген.

"Согуштук аракеттер токтотулду"

Жума күнү АКШ президенти согушту токтотуу же аны улантуу үчүн Конгрессти ынандыруу боюнча чечим кабыл алышы керек болгон мөөнөт аяктады. Бул талап 1973-жылдагы Аскердик ыйгарым укуктар жөнүндө резолюцияда каралган.

1973-жылдагы Аскердик ыйгарым укуктар жөнүндө резолюция мыйзам чыгаруучуларга аскердик аракеттер башталганы тууралуу кандай мөөнөттө кабар берилиши керек экенин аныктайт.

Ошондой эле Конгресс уруксат бербеген учурда президент кайсы шартта жана качан америкалык аскерлерди жаңжал аймагынан чыгарууга милдеттүү экенин да белгилейт.

Аталган резолюцияга ылайык, президент аскердик аракеттер башталган соң 48 саат ичинде Конгресске расмий маалымат берүүгө милдеттүү. Андан кийин 60 күндүн ичинде Конгресс согуш жарыялабаса же күч колдонууга уруксат бербесе, аскердик аракеттер токтотулушу керек.

Иран менен согуш 28-февралда башталган. Трамп 2-мартта Конгресске кат жолдоп, аскердик аракеттер башталганын расмий билдирген. Ошентип башталган 60 күндүк мөөнөт жума күнү аяктаган.

Жума күнү кечинде, Конгресске Иранга жасалган соккулар тууралуу расмий түрдө кабарлагандан 60 күн өткөндөн кийин, Трамп конгресстин лидерлерине мындай деп жазган:

"2026-жылдын 7-апрелинен бери АКШ менен Иран күчтөрүнүн ортосунда ок атышуу болгон жок. 2026-жылдын 28-февралында башталган кастык аракеттер токтоду".

Ирандын жаңы тынчтык сунушу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жума күнү Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Пакистандын ортомчулугу аркылуу АКШга сүйлөшүүлөр боюнча жаңы сунуш киргизгенин жарыялашты. Анын мазмуну ачыкталган жок.

"Бейшемби күнү кечинде Иран Ислам Республикасы АКШ менен сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Пакистанга акыркы сунушунун текстин тапшырды", - деп билдирди расмий IRNA маалымат агенттиги.

Жаңы сунушта эмнелер камтылганы азырынча белгисиз, бирок жаңылыктардан кийин Иран Ормуз кысыгын жаап баштагандан бери кескин көтөрүлгөн дүйнөлүк мунай баалары төмөндөдү,- деп жазды Reuters агенттиги.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын сунушуна тез жооп кайтарды. "Азыркы учурда мен алардын сунуштаганына канааттанган жокмун",- деп айткан сөзүн AFP жарыялады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, тышкы иштер министри Аббас Арагчи жума күнү Сауд Арабиясы, Катар, Түркия, Ирак жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "согушту токтотуу демилгелерин" талкуулады.

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы апрелдин ортосунда өтүп, жыйынтыксыз аяктаган. Андан бери сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди. АКШ Иран портторуна деңиз блокадасын киргизди, ал эми Иран Ормуз кысыгын бөгөттөөнү улантууда. Согушка чейин бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жана газдын 20 пайызы, ошондой эле башка баалуу химиялык продукциялар өтчү.

8-апрелден бери ок атышууну токтотуу режими күчүндө. Бирок бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трампка Иранды сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу үчүн жаңы аскердик соккулар боюнча пландар тууралуу маалымат берилери айтылгандан кийин, дүйнөлүк мунай баасы акыркы төрт жылдагы эң жогорку чекке жеткен.

Reuters агенттигине атын атагысы келбеген ирандык жогорку даражалуу эки булактын айтымында, Иран абадан коргонуу системаларын толук даярдыкка келтирди жана кол салуу болгон учурда массалык жооп соккусун жасоону пландап жатат. Алардын баамында, АКШ кыска мөөнөттүү, бирок интенсивдүү сокку урушу мүмкүн, андан кийин Израил тараптан да чабуул болушу ыктымал.