Депутаттык мандатын күткөн Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бишкектеги №21 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, бир канча аптадан бери депутаттык мандат берилишин талап кылып жаткан Чыңгыз Айдарбековго "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыбы угузулду. Бул айып ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган учурга байланыштуу экенин, ага өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынганын Ички иштер министрлиги билдирди. Анын алдында Айдарбековдун Бишкектеги үйү тинтүүгө алынганы белгилүү болгон. Мурдагы министр жергиликтүү басылмаларга курган маегинде кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын айтты.
ИИМ Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына айыбы угузулганын 15-апрелге караган түнү билдирди. Расмий маалыматта ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул министрликтин жетекчилери кызматынан кыянат пайдаланган фактылар аныкталганын айтылды.
"Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, А.Ч.А. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (337-беренесинин 4-бөлүгү) беренеси боюнча кылмыш иши козгогон.
Шейшембинин кечинде Чыңгыз Айдарбековдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Анын алдында мурдагы министр "МедиаХабдын" кабарчысынын суроосуна жооп берип, тинтүүнү мыйзамсыз деп атаган.
"Мен расмий түрдө талапкермин. 10-марттан баштап мага карата конституциялык мыйзам иштей баштады. Ошол жакта так жазылып турат. Мага карата кылмыш ишин козгоюн десе, алар сөзсүз түрдө БШКнын уруксатын алышы керек. Биз баарыбыз жакшы билебиз, БШКнын уруксаты жок. Бүгүн деле БШКнын төрагасы "биз ИИМден соттолгон же соттолгон эмес деген маалымат күтүп жатабыз" деп айтты. Бирок соттолгон эмес деген так. Мага карата 26-мартта кылмыш иши козголду. Мыйзамды бузуу менен козголгон кылмыш иши бар", - деп айткан Айдарбеков.
Ал тинтүү дал ушул мартта козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөнүн, кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын, маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу кагазга кол коюп бергенин "Азаттыкка" билдирди.
Азырынча милиция Айдарбековдун министр кезиндеги ишине байланыштуу конкреттүү кандай мыйзам бузуулар аныкталганын так билдире элек. Март айында социалдык тармактарга Айдарбековдун буга чейинки ишмердиги тууралуу видео жарыяланып, анда мурдагы дипломат "Түркмөнстандан куулган", "виза менен соода кылган", "аткезчиликке аралашкан" деген сыяктуу айыптоолор жаңырган. Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты, Жапониядагы кыргыз элчиси, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин кеңешчиси сыяктуу кызматтарды аркалап келген Айдарбеков мындай дооматтарды төгүнгө чыгарган.
"Эч кандай саясат жок"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкек шаарындагы №21 округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Бошогон мандатты, мыйзамга ылайык, талапкер Чыңгыз Айдарбеков алары айтылган. Бир айдан ашык убакыт өтсө да, Айдарбековго мандат бериле элек. БШК ИИМден анын соттуулугу боюнча тактоо күтүп жатканын билдирген.
14-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бул тууралуу Би-Би-Синин суроосуна жооп берген эле.
"Эгерде кайсы бир талапкерге карата кылмыш иши козголуп, ал кылмыш иши реабилитацияланбай кыскарган учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга тыюу салынган. Биз ошол маалыматтарды тактоо максатында Ички иштер министрлигине расмий түрдө кат жолдогонбуз. Ошонун жообун күтүп жатабыз. Бул жерде эч кандай саясат жок же андай-мындайга негиз жок. Бизге Ички иштер министрлигинен расмий түрдө жооп келсе, ошол замат карайбыз. Эч көйгөй жок", - деп айткан Шайназаров.
Айдарбеков БШКнын Ички иштер министрлигинен "кошумча маалыматтарды күтүп жатабыз" деген жүйөсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Ал 13-апрелде БШКга кайрылып, мандатты ага өткөрүп берүү процессин негизсиз создуктуруп жатат деп айыптаган.
"Колдонуудагы мыйзамдарда жана КР БШКнын Жоболорунда текшерүүдөн өткөн жана тизмеде расмий катталган талапкерге карата «маалыматты тактоо үчүн мандат берүүнү токтото туруу же создуктуруу» сыяктуу процессуалдык аракет каралган эмес. Бардык текшерүү иш-чаралары талапкерлердин тизмесин каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда так көрсөтүлгөн гана ыйгарым укуктарга ээ. КР БШКда тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен тастыкталган мыйзамдуу негиздер жок туруп, мандатты өзүм билемдик менен кармап туруу укугу жок", - деген Айдарбеков БШКга жазган арызында.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери Ташиев башкарган кездеги УКМКнын кызматкерлерин рейдерликке жана башка мыйзамсыз иштерге айыптаган арыздар жазылып, билдирүүлөр жарыяланган. Мындан сырткары Жогорку Кеңештеги кеминде 9 депутат "өз ыктыяры" менен мандатын тапшырган.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
































