Шайлоо: "Түндүктө" кол топтоо кыйынбы?

Видеонун түшүндүрмөсү, Шайлоо: "Түндүктө" кол топтоо кыйынбы?
Шайлоо: "Түндүктө" кол топтоо кыйынбы?
Published

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктап баратат. Бул жолку шайлоого президент Садыр Жапаров баштаган 11 киши катышууда. Алардын арасында саясатта тажрыйбасы барлар да, буга чейин кеңири коомчулукка белгисиз талапкерлер да бар.

12-ноябрга карата төмөнкү жарандар президенттик шайлоого катышуу ниети менен БШК арыз менен кайрылышты. Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов, Амур Айба Медер, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова.