Газа: 300 түгөй бир күндө никеге турду
Газа: 300 түгөй бир күндө никеге турду
Газада 300 түгөй үлпөт тоюн бир күндө өткөрдү. Мындай салтанат буга чейин болгон эмес, тойго миңдеген киши чогулду.
Мындай ири салтанатка кеткен чыгымды Бириккен Араб Эмираттарынын палестиналыктарга колдоо көрсөтүү боюнча демилгеси көтөргөн. Жаштар Дейр-аль-Балахтагы иш-чарада дээрлик эки миң адам катышкан чүчүкулактын негизинде тандалып алынды.
Жаңыдан келин болуп барган Текра аль-Масринин Би-Би-Сиге айтымына караганда, бул майрам газалыктар үчүн өзгөрүүгө үмүт алып келди.



